Биз социалдык тармакта

«АК КОНУШ» СЫНАГЫ ЖАРЫЯЛАНДЫ

Кыргыз кинематографиясынын мамлекеттик агенттиги мыкты сценарийлерге “Ак конуш” аттуу сынак жарыялады. Сынак быйыл белгиленчү кыргыз киносунун 79 жылдыгына арналат. Кыргыз дүйнөсү тууралуу мыкты сценарийлер 15-январдан 15-февралга чейин кабыл алынат.
Кино изилдөөчү Гүлбара Төлө­мүшеванын айтымында, сынакты 3 наам боюнча өткөрүү каралган.Толук метраждуу көркөм фильмдин сценарийи үчүн: 1-орун – 50 миң сом, 2-орун – 30 миң сом, 3-орун – 20 миң сом. Кыска метраждуу жана документалдуу фильмдер үчүн сценарийдин баш байгеси 15 миң сом. Сынактын жыйынтыгы май айында чыкмакчы. Сценарийлер Төлөмүш Океев атындагы киностудияда кабыл алынат.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 428, 14-20-январь, 2011-жыл.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан