Голливуд режиссёру, Мадоннанын мурунку жолдошу Гай Ричи белгилүү модель жана актриса Жеки Эйнсли экөө балалуу болушат. Ричинин журналисттерге берген интервьюларында сүйлөшкөн кызынын кош бойлуулугу ал үчүн жагымдуу сюрприз болгонун айткан. Учурда «түгөйлөр сентябрда балалуу болушкан соң үйлөнүшөт» деген кептер айтылууда. 42 жаштагы Гай Ричи менен 29 жаштагы Жеки Эйнсли өткөн жылдын башында сүйлөшүп башташкан.