Коомдук каналдагы “Замана” берүүсүнө Байыш Момунов кайрадан кайтып келди. Жетекчиликтен иштөө сунушу түшкөндө, чындыгында, ырчы сүйүнгөн. Анткени алпаруучулук ишин таштагандан кийин деле Байыш Момунов “Замананы” сагынып жүргөн. “Кайрадан сүйүктүү ишиме кайтып, эски кесиптештерим менен бирге иштешүү – бакыт”,- деп билдирди.