Жаңы жыл астында мурунку “кыз-буракчылар” Кенже, Гүлнара, Айжамалдар устаты Гүлшайыр Садыбакасованы таарынтып алып, кайра кечирим сурап, аны коноктошкон эле. Ушундан кийин устат менен шакирттердин ортосундагы абал жакшырган го дейм. Дегеним, Гүлнара Калдарованын кызы Аянанын бешик тоюна сыйлуу конок катары Гүлшайыр эже жана “Кыз-Бурактын” жаңы курамы чакырылыптыр. Небересин бешикке салган Гүлшайыр эже наристеге ак батасын берип, узун өмүр тилеп, анын ата-энесинин колунан сарпайларды кийип кубанып кайткандыгы буга далил. Эми жылдыздар чырдашпай, наристе жытташып, ырдап жүрө беришин каалайбыз.