Нурзат Токтосунова Жамал эжеге тыкылдап өз оюн бербеген келин, күйөөсүнө обу жок эркелеген жар болуп жатыптыр. Нурзаттын кантип келиндик доор сүрүп жатканын “Колибри” аттуу тасмадан байкай алат экенбиз.
Кастингге келген Нурзаттын көздөрү тандоочуларга жаккан. Анткени алар ойноктогон көздүү айымды издеп жатышкан экен. Тасмада атактуу ди-джей Алтын Камчиев Нурзаттын жолдошyнун ролун аткарса, кайнененин ролу Жамал Сейдакматовага тийиптир. Телеалпаруучунун жеке турмушуна да өзгөрүүлөр кирип, эртерээк ак жоолук салынышына тилектешпиз.