“Баатыр ата” атка конгон актёр Мэл Гибсондун орус улутундагы жубайы Оксана Григорьева менен чырдашып жүрүп ажырашканы эсиңиздедир. Бир жылга жакын тыным алган соң Гибсон Оксананын ордун модель Стелла Музи менен алмаштырды. Мэлдин особнягында болгон кечелердин биринде папараццичилер экөөнү сүрөткө тартып алышкан. Стелла Оксанага келбети жагынан аябай окшош, бирок андан жаш көрүнөт.