КЕНЖЕ КЫЗДУУ БОЛДУ

“Кандайча?” деп таң калып жатасызбы? Кенже эжекебиз жездебиз Талгат экөө бир журналист кызга өкүл апа-өкүл ата болуп шайланып, кубанычтарында чек жок. Экөө оңой жол менен тапкан уул-кызынын колунан тердегенче чай ичип, жаңы төрөлгөн небересин жыттап кайтышты.
Ал гана эмес, төрөлө элек ымыркайдын да өкүл апасы болуптур. “Коюңузчу?” деп таң калганыбызда ырчы: “Казактарда ушундай салт бар экен, бала күтүп жаткан үй-бүлө сөзсүз наристесине өкүл апа-өкүл ата шайлашат. Бала төрөлгөндө төрөт үйүнөн алып чыгып, наристеге байланыштуу бардык каадаларды жасамай өкүл ата менен өкүл апанын милдетине кирет. Кайнагамдын августта жарыкка келчү ымыркайына мени өкүл апа шайлашты. Буюрса, жакында бардыгынын башын бириктирип коноктойм”,- дейт.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 451, 24-30-июнь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан