МИКАЭЛДИН ӨЛҮМҮН ЭМИ ПРОКУРАТУРА ИЛИКТЕЙТ

Ырчы Микаэлдин өлүмүнө байланыштуу кылмыш ишиндеги тергөөдө көңүлдөн тыш калтырылган, а балким, атайын “маани берилбей калган” жагдайлар бар экени билинди. Андыктан Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту ал жагдайларды кайра иликтөө үчүн ишти прокуратурага берүү токтомун чыгарды.
Эсиңиздерде болсо, өткөн жылдын 31-мартында жырткычтык менен өлтүрүлгөн ырчынын өлүмүнө шектүү катары анын досу Эркин Турусбеков кармалып, иш сотко өткөрүлгөн эле. Соттук иликтөөнүн жүрүшүндө тергөө кезинде тиешелүү маани берилбей калган шектүү кытай жигити бар экени билинди. Ырчынын өлүмү боюнча кайра тергөөнү эми прокуратура жүргүзмөкчү.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
arlekino
2011-06-27 18:02:37
Байкушка жан ачыйт тим эле... жаткан жери жайлуу болсун! ошол жерде калган отпечат.жокпу эмне??!!! жон эле бир нерсе жашырып жатышат булар...кан койбербейт олтургон адамды жазалалбай жатса (!) АЛЛА турат карап..коркпогон шумдуктаааррр
0
Ayzatka
2011-06-29 13:29:23
Мкаэлдин олумуно кунолу деп табылган кытай жарнын атуга кетириш керек. кытайлар биздикин деле ошондой кылбадыбы...
0
19zamir87
2011-07-01 13:01:29
Микаэлди эмне себеп үчүн өлтүрүлгөнү аныкталды бекен?Кана? Кыргызда барбы мен-мен деген адвокат?????(душманды алыстан издебе)
0
altyshak
2011-07-01 19:05:45
Жаткан жери жайлуу болсун! Кызык биз өзүбүздүн жерде туруп өзгө улутка кор болуп жатабыз ээ.
0
islambayishov
2011-07-03 02:30:02
bizdin kreslodogularybyz jakshylap karasa bolot
0
№ 451, 24-30-июнь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан