Ар бир үйдө обологон «Кыргызстан Обондору» радиосу угармандары менен керемет Ысык-Көлдүн жээгинде эс алып келүүгө даярданып жатат. 2-июль күнү радионун жамааты эстрада жылдыздары менен бирге угармандарын эки кабаттуу автобуска салып сапар тартат.
Учурда Аваз Акимов, Нурлан Насип, Кубаныч Сатаев жана башка ырчылар комуз-кыяктарын даярдап, узун жолду кыскартууга камынышууда. Мындай кереметтүү автобуска билет алуу үчүн «Жайкы тополоңду» калтырбай угуу керек.