ЕКАТЕРИНА АНДРЕЕВА

Толук аты-жөнү – Андреева Екатерина Сергеевна
Бою – 176см, салмагы – 55 кг
Хоббиси – Китеп окуу
Өзүндөгү жакпаган cапаттары – Тамеки чеккени, шоколад көп жегени
Жакшы көргөн жаныбары – Мышыгы Тошу
Колдонгон косметикасы - «Shiseido»
Адаты – Дайыма эки маал көк чай ичүү
Түшүнбөгөнү – Математика
Эч качан – Пакеттерге куюлган ширелерди ичпейт, төлгө салдырбайт
Машинасы – Вольво (Маргуша)
Калпычы Катя
Белгилүү тележылдыз Екатерина Андреева 1961-жылы 27-сентябрда Москва шаарында төрөлгөн. Ал убакта атасы СССРдин мамлекеттик каржылоо тармагынын башчысынын орун басары болуп эмгектенчү. Апасы үй кожойкеси эле. Учурда экөө тең пенсияда. Екатерина үй-бүлөдө эки кыздын улуусу. Кичинекей кезинде өтө эркелигинин айынан кээде калп айтып да койчу. Бирок, бул үчүн ата-энесинен жаза алып, бир саат бурчта турган күндөрү али эсинде. “Биринчи жолу бала бакчага барган күнү тарбиялоочу: «Каякта жашайсың? Дарегиңди билесиңби?”- деп сураса, ойлонбой туруп Москвада жашаганыбызга карабай “Ленинград шаарында” дептирмин. Тарбиячылар ошол күнү эле калп айтты деп менин ата-энеме эскертүү беришиптир. Ошондон кийин кээде балдар мени калпычы деп да калышкан” деп эскерет өз балалыгы туурасында Екатерина Андреева. Балалыгында аскер кызматкери болуп, жоокерлерди башкарууну кыялданчу.
82 килограмм салмактагы бүтүрүүчү
Мектепте Катя аябай жакшы окуган. Ар кандай коомдук иштердин да активдүү катышуучусу эле. Бирок, секелек кыз өз келбетине таптакыр көңүл бурчу эмес. 11-классты аяктап жаткан окуу жылынын акыркы күндөрүнүн биринде курбулары менен эс алуу үчүн суу жээкке келишет. Ошондо гана классташтарынан биринчи жолу өзү жөнүндө “биздин класстын эң семизи сенсиң” деген пикир угат. Боюнун узундугунан аны “жираф” деп атап коюшчу экен. Өзүнүн ошол кездерин тележылдыз: “Мен семиздигимди ошондо биринчи жолу байкагам. Чынында эле классташ курбуларым менен таразага түшсөк, мен 82 килограмм чыктым. Эркек балдарыбыздан да салмактуу экенмин. Ошондон кийин ашыкча салмактуулук менен күрөшүүнү чечкем. Бирок, ага карабастан түнкүсүн тамак жегим келсе, туруп алып эле ашкананы көздөй жөнөчүмүн. Чындыгында, мен апамдын майлуу токочторунан биротоло көз каранды болуп калган болчумун. Тамакты да аябай көп жечүмүн. Жаңыдан университетке тапшырып жаткан учурда салмагым азайбай эле кечке китеп окуп жата бергендиктен, андан да толуп кеткем. Бирок, кийин студент болуп калган кезде жакшы машыктыруучу менен маектешип калып, анын жардамы аркылуу 4 айдын ичинде 20 килограммга арыктагам”,- дейт. Айта кетчү нерсе, Екатерина ошол күндөн бери азыркыга чейин дайыма диета кармап келет. Анткени, өзү табиятынан сөөктүү болгондуктан, толуп кетүү коркунучу чоң.
Студент кызматкер
Мектепти ийгиликтүү аяктаары менен эле Катя Бүткүл союздук юридикалык сырттан окуу институтунун кечки бөлүмүнө тапшырат. Кийинки жылы каалаганы башка тармактагы кесип экендигин түшүнүп, ММУнун тарых факультетине которулуп, бул окуусун ийгиликтүү аяктаган. Бирок, биринчи тандап алган юристтик кесиби боюнча алгачкы кесиптик жолуна кадам таштап, Орусия Федерациясынын прокуратурасында иликтөө иштери бонча кызматка орношот. Андан соң 1981-жылы Мамлекеттик орус музейинде эмгектенет. Бул тармакта азыркыга чейин музейге жаңы коллекцияларды топтоо жана аларды кабыл алуу иштерин жетектейт. Музейде иштеп жүргөн кезинде эле Бүткүл союздук телерадио кызматкерлеринин тажрыйба топтоо жана билимин жогорулатуу институтунан билим алат. Кийин 1983-жылы Ленинград мамлекеттик университетинин тарых кафедрасын аяктап, 1990-жылы тарых илимдери боюнча кандидаттык диссертациясын жактаган. 1993-1995-жылдары Санкт-Петербург шаарындагы Заманбап искусство борборунун мүдүрү болуп иштейт.
Жаңыдан телевидение иштерине аралаша баштаганда Катяга: “Ашыкча сүрдүүсүң, таптакыр кабагың ачылбайт экен. Диктор болуу сенин колуңдан келбейт. Андан көрө камерадан алысыраак эле болгонуң оң”,- деген кеңештерди беришкен. Бирок, устаты Игорь Кириллович “Катя эч кайда кетпейт” деп өз кол астына кызматка алып, дикторлукка даярдай баштайт. Андан көп узабай эле болочок тележылдызды “Утро” берүүсүн алпарууга чакырышат. Анын артынан “Новости”жаңылыктар түрмөгүнүн да жүзү болот. Ал эми бул берүү Катяга “Время” берүүсүн алпарууга жол ачкан.
Биринчи эфир
Эфирге биринчи жолу чыккан күнүн Катя: “Сүйлөгөн сөзүм эмес, ар бир дем алганымды күзөтө берип, толкундануудан өзүмдүн кайда отурганымды да унутуп калгам. Эфир бүткөндөн кийин чыгып эле ошол жерде турган диванга жатып, уктап калыптырмын. Бул кылыгым азыр адатка айланып, кечки эфир алдында же эфирден кийин дайыма бир аз уктап алам”,- деп эскерет.
Жеке турмуш
Екатерина Андреева алгачкы жолу студент кезинде турмуш жолуна кадам таштап, Наташа аттуу кыздуу болгон. Бирок, кийин тележылдызга айланганда ага 4 жыл бою сүйүүсүн арнап, артынан калбай чуркап жүрүп черногориялык жеке ишкер Душан биринчи жолдошунан ажыратып алган. Бул кылганы үчүн Катя эч өкүнбөйт. Себеби, учурдагы жолдошу менен бактылуу. Эң негизгиси, Душан Катянын жумушуна түшүнүү менен мамиле кылат. Айта кетчү нерсе, Душан Катяга берген убадаларынын бирин гана аткара элек. Ал – асмандагы жылдыздардан белекке берүү. Бирок, Душан азыркыга чейин эле “бул келечектин иши. Мен сага сөзсүз жылдыз белек кылам. Жок дегенде эң алыста жайгашкан жылдыздын сыныгын алып келип берем” деген убадасын айтып жүрөт.
Үй-бүлөдө Катя сүйүктүү жана шайыр жубай, мээримдүү эне. Кызы Наташа учурда студент. Бош убактысында кызы менен муз аянтына барууну жактырат. Ошондой эле мончо менен сауна Екатеринанын эс алуучу жайы.
Атактуу болгон соң дарегине ар кандай пикирлер айтылып жүрөрү талашсыз. Ошондой эле Катя туурасында да Орусиянын Биринчи каналынын башкы мүдүрү Константин Эрнст менен жакын мамиледе деген кептер тараган. Андан тышкары, Борис Березовский менен да мамилелеш деп жүрүшөт. “Мен Константин Эрнстти жылына болгону 7-8 жолу көрөм. Ал эми Борис Березовскийди болсо өмүрүмдө 3-4 жолу эле көрсөм керек”,- дейт бул тууралуу Катя.

Бетти даярдаган Чолпон Сүйүнбаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 308, 26-сентябрь - 2-октябрь, 2008-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан