«Төрөгөндөн корком» деген Рианна жакында бала багуу менен алек болот. Ооба, ырчы кыз төрөттөн коркуу сезиминен дале арыла элек. Ошол себептен бала багып алууну чечип, гаитилик жетим балдардын бирине көзү токтогон. Эми ырчынын адвокаты керектүү документтерди бүтүрсө, Рианна бала тарбиялоо менен алек болуп калат. Баса, бул чечимди кабыл алууда Бейонс менен Жей Зиден кеңеш алган. Эми жылдыздуу түгөйлөр баланын өкүл ата-өкүл энеси болушмакчы.