Ильяз Андаш: «ЖАНЫМ АЙЗАТ МЕНЕН БОЛГОН СҮЙҮҮМ – ПИАР»

Айткан сөзүнө так, ачык-айрым, мактанчаактыктан да кем калбаган шоу-бизнестин бир жигити – Ильяз Андаш. Бүгүн бул жигит ичинде болгон нерсесин жашырбай маек куруп берди.

МОДА КУБАЛАГАН ИЛЬЯЗ
Туулган жылы – 1988-жыл, 30-июль
Туулган жери – Каракол шаары
Бою – 180 см
Салмагы – 65 кг
42-өлчөмдөгү бут кийим киет
Мода кууп кийинет
Колу ачык, тапканын бат эле коротуп салат
Кыздардын “кыргызча түшүнбөйм” деген сөзүнөн бетинен беш байпактык жүн чыга жинденет
Таенеси Дүйшөканды жанындай көрөт
Футболду жактырат, “Манчестер Юнайтеддин” күйөрманы

– Кандайсың, Ильяз, чыгармачылыгыңда эмне жаңылык? Булуттан чыккан айга окшоп эле көп көрүнбөйсүң...
– Рахмат, жакшымын. Чынында эле учурда чыгармачылыгым уйкусурап турган кези. Буга менин жалкоолугум таасир этип жатат. Өтө эле жалкоомун. Бирок илхам келип калган учурда, сен айткандай, булуттан чыгып, ыр жаздырып калам. Акыркы учурда үй-бүлөгө байланыштуу себептерден улам чыгармачылыктан алыстап кеттим. Курулуш иштери менен алек болуп жүрөм. Айылдагы ата-энеме барып үй салдым. Үйлөнүүгө камданып жатам. Убакыт-сааты деле келип калды, үйдүн улуу баласымын. Ошол жакшылыкка камданып эле... Бишкекке келгениме 15 күндөй эле болду. Азыр эми бир аз иштесемби деп көздү ушалап ойгонуп турган убагым. Негизи, чыгармачылыкка койгон пландарым бышмак тургай сабалап түшүп жатат. Буюрса, күйөрмандарды көп күттүрбөй, жакында жакшы клиптерди, ырларды тартуулайм.
– Үйлөнөм деп калыптырсың. Кайсы жерге күйөө бала болгону турасың?
– Азырынча сыр кыла турайынчы. Нике шакек тагынарга саналуу күн калганда айтам, жашоодо бир күндө эле өзгөрүүлөр болуп кетет. Анын үстүнө мен алдын ала максат кылып койгон нерселеримди айтып алсам эле окшошпой, башка нукка жылып кетмейи бар. Айылдагы үйдү салып бүттүм, эми Бишкектен үй алууну көздөп жатам.
– Жаным Айзат экөөңдү кыз-жигит деп жүрүштү эле...
– Ий, ушул окуяны эстесем эле күлкүм келет. Жаным Айзат менен мамиле тууралуу маалымат – жөн эле пиар. Эми күйөрмандарым, окурмандар деле туура түшүнүшөр.
– Сени «Омарды көп туурайт» деп айтышат. Бул чынбы?
– Апей, мен Омарды туурайт бекенмин? Омарды тууроо ою-түшүмө да кирген эмес. Анын өзүнүн стили бар, меники башка.
– Бирок атаандаштык болсо керек...
– Албетте, ырчылардын көбү эле бири-бири менен атаандашышат. Чыгармачылыкта Омар менен Арсенге атаандашам. Атаандаштык болгон жерде өсүү болот. Мисалы, бир ырчы жакшы ыр жазса, “ий, мурда эле мен эмне ушинтип ырдап чыккан жокмун?”, жакшы клип тартса, “ий, менде эмнеге ушундай идея жаралган жок?” деп ичим күйүп кетет. Бирок мындай ич күйдүлүк мен үчүн мыйзам ченемдүү эле нерсе. Чынында, Гүлнур Сатылганова тууралуу көп кыялданам. Ырларын угуп калсам, “ушул ыр меники болуп калса” деп Гүлнур эженин ордуна өзүмдү коюп кыялдана берем, суктанам.
– Тексттин маанисин түшүнбөй туруп эле обону жакшы болгон ырларды ырдай бересиңби?
– Жок дей албайм, андай ырларым деле болгон. Менимче, азыркы жаштар тексти оор, терең маанилүү ырларды негедир жакшы угушпайт. Ошол себептен жеңил ырлар да көп жазылып жатат.
– Эми бул суроону бербесем болбостур. Сени тааныш кыздарың “сүйүүгө туруксуз, “бабник” деп мурун чүйрүшөт экен...
– Чыпчын айтып жатам, ушул күнгө чейин бир да кызды алдап, сүйөм деп коюп таштап кеткен эмесмин. Балким, жакшы мамиле кылып койсом, башкача түшүнүп алгандыр кээ бир кыздар.
Өмүрүмдө бир ирет, 18 жашымда бир бото көзгө ашык болгом. Бирок ал ашыктык чыныгы сүйүү эмес экен.
– Бир жолу айтып калдың эле, “көгүлтүр” неме телефон чалып” деп...
– Эй, ошол “көгүлтүрлөр”. Көрсөм эле жиним кайнап, чачтарым тик туруп, бир муштагым келип кетет. Ооба, болгон, бир жолу кайдан алганын билбейм, телефон чалып калыптыр. Кечелерден деле башкача сүйлөгөндөр болот. Бирок ошол жерден эле ордуна коюп салам.
– Сени менен бир мектепте окугандар “Ильяз, таяк жеп жүрүп эле чоңойдуң” деп күлүп калышабы же “жөжө короз элең” дешеби?
– Спорт менен кичинемден эле машыгам. Бишкекке келгени жыйыштырып салдым. Убакыт тар. Таяк жеп калышым мүмкүн эмес. Биринчиден, досторумдун баары спорт чөйрөсүнөн. Экинчиден, өзүмдүн күчүмө ишенем.
– “Аялдарга караганда эркектер ушакка жакын болот” деп коюшат. Ушакташасыңбы?
– Бул сөзгө 100 пайыз кошулам, чынында, эркектердин ушагы аялдардыкына караганда күчтүү чыгат. Биз тим эле апыртып жиберебиз да. Менде деле болгон, жаш чакта апыртып салган учурларым. Бирок азыр уят болуп калбайын деп ары-бери жагын териштирип туруп, анан айтам. Негизи, ушактабайм деген адамдын баары эле ушак айтат.
– Учурда партиялардан сунуш алып жатсаң керек. Чынын айтчы, акчасына карайсыңбы же партиянын аброюнабы?
– Чынын айтсам, саясатка таптакыр кызыкпайм. Ошон үчүн акчасына карайм. Азырынча сунуш түшө элек.
– Продюсериң жок, ата-энең көмөк көрсөтөт болуш керек, ээ?
– Продюсери жок иштеген абдан оор, бирок ата-энем колдоп турушат. Ар кандай сынактар, жакшы долбоорлор тууралуу укпай калып эле көп нерседен артта калып жатам. Чуркачу жерге чуркайм. Бирок шоу-бизнесте продюсери барларга көп эле жеңилдик бар. Ошол себептен да менин чыгармачылыгымда “бум” болуп чыкчу нерселерим жок болуп жаткандыр.
– Учурда кызча боёнуп, корей балдарын туурагандар көбөйдү. Бир кезде сен да чач коюп калдың эле...
– Ооба, чачым узун эмес беле. Анан эле сериалдары чыга баштады. Кыздар корей актёрлорун сүйүүгө өтүштү. Кыздар менен сүйлөшүп калсам, “сен Гу Чун Пёго окшошуп калыптырсың” деп айта бергендиктен, тажап кетип, чачымды кырктырдым. Бирок корей стилинде жүргөндөргө каршылыгым деле жок. Жарашса болду да. Косметикалык каражаттарды колдоном. Клип тартуу учурунда бул нерсе керек.
– Мактанчааксыңбы?
– Эми бар, андай жагым.
– Ушуга чейин эмнелерге жетиштиң, беш сөз менен мактанып бербейсиңби?
– Чыгармачыл адам катары таанылдым. Эч кимге көз каранды эмесмин. Чөнтөгүм деле жука эмес. Өз эмгегим менен кыялданган машиналарды деле алып, минип жүрөм. Кой, ушул жерден токтоюн (күлүп), аша чаап кетсем, элдер дардаңбай экен деп калышпасын.
– Ушул деңгээлге жеткирген ата-энең. Алар тууралуу айта кетсең...
– Атам Андашев Кылычбек актёр. Каракол шаарындагы театрда иштейт. Ал эми апам комуздан сабак берет. 3 бир тууганбыз. Улуу эжем чет өлкөдө жашайт. Ал эми кичүү иним быйыл 1-класска кирди. Ал дагы “ырчы болом” деп калыптыр, мени көрүп. Анан мен аны “жок, болбойсуң. Сен медик болосуң” деп көндүрүп жатам. Негизи, атам менин деле ырчы болгонума башында абдан каршы болгон. Кыялында медицина кызматкери кылгысы келген. Бирок баш берген жокмун, көгөрүп жатып эле музыкалык мектепке кирдим. Бул жаатынан апам көмөктөштү.

Бахияна Сатылганова
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Маек - Ильяз Андаш
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (44)
venrast
2011-09-15 11:51:13
Iliyas.menin aitain degenim.Yn dece ynyn,talant dece talanttin bar,baardik jaginan top kelgen Kyrgyzdin talantyy irchilarinan biricin Talanttin onygo bercin jaardik jaginan uigilik kaalaim.Al emi Eldin irchici bolgondon kuin biri jaktirat biri jaktirbait,biri koro albaca biri ich kyidyy kilat.Ar kimdin ar kandai oilory bar ani ech kim ani tuya albait.Oshogo karabai talantyndi ylanta ber.
0
Knt
2011-09-15 11:55:54
birin olup birin kal!!!!!
0
venrast
2011-09-15 11:56:05

Osy jonyndo jakshi bir nerce aitca ele maktanchaak opko dep jatip kalabis.Menin oiymcha kim osy jonynda jakshi nercelerdi aitca al osyn osyno ushengen dep ecepteim.Al emi Гу Джун Пе calishtyra tyrgan bolcok,Iliyas andan da jakshi (kelbeti boiyncha)jana talantyy dep oiloim.
0
venrast
2011-09-15 11:57:08
haha
0
Bahtin
2011-09-15 21:42:10
Ырлары мага жагат. клиптери деле жакшы. бирок Жаным Айзат менен пиар болгону жаккан жок.
0
elzara
2011-09-17 06:00:21
Ильяздай боло албайсыздар болгон кишини коро албайсыздар кыргыздар качан коро албастыкты токтотуп качан бири-бирибизди которо алабыз!!! Ильяз ишине ийгилик
0
suluktu
2011-09-17 12:58:10
Бир да ыры жакпайт. Мактанганы мактанган. Опкосу жок окшойт.
0
kuba_kg
2011-09-17 19:36:43
ильяз жакшыле бала экен. Ишине ийгилик. Бирок ильязды туураган артисттер да коп.
0
Zhan
2011-09-18 11:55:40
ха-ха -ха ушул сен модный, стилнийсинби? корунбойт го?
0
bakunuri
2011-09-18 14:22:07
baarynar kyjynsynar!silerge kudai den soluk berin!
0
bakunuri
2011-09-18 14:22:53
baarynar kyjynsynar!silerge kudai den soluk berin!
0
ayd
2011-09-19 09:09:49
bakunuri, туура. Баары кыйын боло беришет!
0
baykush
2011-09-18 19:21:51
хахахаха мода куумай менден калган дейсинби.
билесинби кимден калган.
Майкл жексондон
0
baykush
2011-09-18 19:25:48
мода кууганга жараша жакшырааак тушпойбу суротко алдыгындай турун корсотпой моданы корсотконго жараша элге жагышын керек да нормальный кийингенин деле корбой элебиз го я
айтканды жаман корбо
0
jaku
2011-09-18 21:32:04
оой оой силерге чынын айтса да жаман ээ?молодец ачык суйлойт экен,башкаларга окшоп жасап суйлобой.....
0
Aikusyalight
2011-09-27 00:45:13
пиар жонундосу жаккан жок!
0
№ 462, 9-15-сентябрь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан