Зари Москвадагы окуусун бүтүп келип, эми толугу менен ырчылыктын жолуна түшөм деп турган чагы. Мекенинен алыс жүрсө да ыр жаздырып, клип тарттырып, өргө карай жол чаап келет. Иреттүү, көркөм сүйлөгөн Зари менен маекке ортоктош болгула.
– Юристтин дипломун колго кармап турасың. Бул кесипти аркалайсыңбы же ырчылык менен эле алек болосуңбу?
– Эгерде чыгармачылык же дипломдогу кесип деген тандоо жаралса, албетте, ырчылыкка оомокмун. Ырчы болом деп кичине кезимден бери эле кыялданып келем. Эсимде, балконго чыгып алып, ары-бери өткөн адамдарды көрүүчүлөрүм деп кыялданып ырдай берчүмүн. Ал эми юристтик кесипке окуп калганым деле бекеринен эмес. Жашоодо ар кандай маселелер болот. Туруктуу бир кесиптин кереги тиет.
Буга чейин чыгармачылыгымдын тушоосу кесилген десем болот. Бир-эки ырым болсо да, эл угуп калды. Эми продюсерим экөөбүз стилимди өзгөртүү тууралуу ойлонуп жатабыз.
– Келбетиңдиби же ырдоо стилиңдиби?
– Экөөнү тең. Негизи, мен оор рокту көбүрөөк жактырам. Ошол жагына өтсөмбү деп да ойлонуп жүрөм. Бирок бизде оор рокту көбү эле уга бербейт.
– Стиль үчүн чачыңды кырдырууга даярсыңбы?
– Жок, эми анчалыкка барбайм. Кыска кылып салышым мүмкүн. Бирок кыздын кыздай болуп эле жүргөнү жакшы.
– Чыгармачыл дүйнөдөн кумир туткан адамдарың барбы?
– Көп эле ырчылар жагат. Бирок мен кумир туткан ырчылар София Ротару менен Лариса Долина. Негизи, мен курактуу кыздар жаш ырчыларды жактырышат. Анан мен жогорудагы ырчыларды айтсам, таң кала беришет. Сыягы, бул кичине кезимден улуу муундагы ырчылардын чыгармаларын көп укканымдан болсо керек. София Ротарунун ырлары менен чоңойдум десем да болот.
– Сүйүү темасына кайрылсак. “Махабат башатын мен өзүм баштайын, Намыс деп уялган оюмдан кайтайын...” деп ырдап чыктың. Сүйүүдө тартынбастардан окшойсуң...
– Бир жигитти мектеп курагымда сүйгөм. Бирок ага сүйүүмдү билгизе албай койгом. Ошол боюнча ал сүйүүм сандыкта сакталып кала берди. Махабатым үчүн тартынчаактык кылып, күрөшө алган жокмун. Эми чоңойдум, абдан сүйүп калсам, намыска карабай эле билгизүүгө даярмын.
– Жүрөгүңдүн ээси барбы?
– Жок. Азырынча мага сүйүү келбей коё турса экен дейм.
– Эмнеге?
– Азырынча жашмын. Алгач ырчылык карьерамды түптөп алууну максат кылып жатам. Бирок ким билет?..
– Продюсериң менен түзгөн келишимде бул жагы кандай каралган?
– Динара эже “келечегиңди ойлошуң керек. Сүйүктүү жар, татыктуу эне болууну да ойлоно жүр” дейт. Мунусу чын, шоу дүйнөдө жүргөндө ар кандай нерселер болуп кетиши мүмкүн. Жакшы ниет менен сөз айткандар, атайлап кара санатайлык кылгандар да болот. Бирок мен өзүмө гана ишенем.
– Кандай сапатка ээ адам сенин досуң боло алат?
– Көп окуган, маалыматка бай, айткан сөзүн аткара алган. Ал эми достук тууралуу айта кетсем, эң жакын бир эле курбум бар. Достук мамиле кылып жүргөндөр көп эле. Бирок аларды мен жакшы тааныш катары эсептейм. Азыркы заманда эч кимге ишеничтин кереги жок. Ал эми сырларымды апама гана айтам.
– Азыркы заманда оңой келер байлыкка кызыккан кыздар көп. Сенчи?
– Материалдык байлыкка көп жан талашпайм. Башынан эле өзүмө керектүү акчаны маңдай терим менен тапканга көнгөм. Москвадагы окуумдун контрагын деле өзүм төлөдүм. Күндүзү иштеп, кечкисин окучумун. Окуумдан сырткары баскан-турганыма жеткендей кылып акчаны үнөмдөгөндү үйрөндүм. Байлык үчүн турмушка чыккан кыздарды көп эле билем. Ал эмес, балдарды деле. “Оңой келген акча оңой эле колдон жуулуп кетет экен” деп кейип калгандарды деле угуп жүрөм.
– Мода куугандардын катарындасыңбы?
– Жок, мода куубайм. Бирок кыз болгондон кийин курбуларыңдан кем калбаш үчүн кийинесиң да. Кымбатына деле карабайм, жарашса, 200-300 сом болсо деле сатып алып кие берем. Бул нерсе эч кандай намысыма тийбейт. Негизи эле мода дүйнөсүнө кызыкпайм. Азыр бир укмуш кийимдер чыгып жатат. Ушундан улам модельерлердин фантазиясы түгөнүп калып эле түшүндө көргөн нерселерди жаратып жаткандай ой келет. Моделдикке чакыруулар көп түшөт, дайыма баш тартып коём.
– Диета кармайсыңбы?
– Кармабайм. Жаратылышымдан эле арыкмын. Канча жесем да толуп кетүү коркунучу менде жок. Келбетиме кам көрүү максатында спорт менен деле машыкпайм. Болгону, мылтык атууга абдан кызыгам. Бул жаатта окуп жүргөндө көптөгөн сынактарга катыштым.
– Сени үлгүлүү кожойкелердин катарына киргизсе болобу?
– Жасаган тамак-аштарым ушул убакытка чейин эч кимди нааразы кыла элек. Айрыкча палоону жана мантыны катырам. Түрктөрдүн тамактарын анча-мынча түрктөргө караганда жакшы жасайм. Үй оокаттарынан качпайм. Болгону, пол жууганды, кийим үтүктөгөндү жаман көрөм.
Бахияна Сатылганова
star@super.kg