“Кыргыз-казак чек арасындагы “Ак жол” өткөрүү пунктунда казак чек арачылары кыргыз жарандарын уруп-сабашууда. Бизге токмок жеген, буюмун тарттырып, керек болсо паспортторун жырттырып жибергенге чейин барган кыргыздар кайрылышууда”,- деди Паракорчулукка каршы ишмердик кеңешинин башкы катчысы Нурипа Муканова. Чек арада уруп-сабоонун чыгышына өткөрүү пунктунун кызматкерлеринин пара алуунун жаңы түрүн киргизүү аракети себеп болушу мүмкүн дешет. “Анткени Бажы союзунун мыйзамынын негизинде 50 килограммга чейин жүк өткөрүүгө уруксат берилген. Мындан улам чекене соодагерлердин саны көбөйдү. Биз бул жагдайды көз жаздымда калтырбай, сөзсүз чара көрүүбүз абзел. Андыктан Кыргызстандын Башкы прокуратурасы уруп-сабаган чек ара кызматкерлерине кылмыш ишин козгошу керек болчу”,- дейт президенттин кеңешчиси Султан Айжигитов.