Лондондо болуп өткөн “Дүйнө сулуусу-2011дин” жеңүүчүсү венесуэлалык 22 жаштагы Ивиан Лунасоль Саркос Кольменарес болду. Өзү жетим өсүп-чоңойгон кыз учурда Венесуэладагы телерадиокомпаниялардын биринде иштейт. Сынакка 122 кыз катышкан. Ивиан алган сыйлыгын кайрымдуулук үчүн жумшаарын билдирди.