ШАЙЫРБЕКТИН ШАЙЫ КЕТСЕ, МАКСАТ МУҢКАНЫП...

Шайырбек Араповду же “Браводон”, же “Балдардын сынагынан сынбайсыңбы?” көрсөтүүлөрүнөн алпаруучу катары көрбөй калганбыз. Кесиби юрист эле, ошол жакка ооп кеткенби деп сурасак, жок, телеканалда эле иштеп жүргөнүн айтты. Эми “Балдардын сынагынан сынбайсыңбы?” долбоорунун алпаруучусу эмес, жетекчиси болот экен. “Аталган берүүнүн форматын өзгөртүп, башка өңүттө алып чыгабыз” деп жүгүрүп чарчап, шайы кетип турган чагы Шайырбектин.
Ал эми Максат Доврановду 60 мүнөт бою ЭлТРден көргөндөр азыр “Кутман таңда” жана “Чак түштө” гана көрүп калышкан. Мунун себеби Максаттын берүүсү жабылып калганына байланыштуу. “Мурдагы берүүм эфирге кайра чыкса болот эле” деп муңканган Максат мурдуна операция жасатып, ооруканадан чыкканына аз эле күн болду. Мурдун чоңойтуп же кичирейтип пластикалык операция жасатыптыр деп ойлоп калбагыла. Анткени Максат: “Мурунум сынган эле, эт өсүп кетиптир. Эки жолу операция жасаттым, азыр жакшымын”,- дейт.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
kyrqyz
2011-11-14 11:44:35
а тузук
0
arlekino
2011-11-15 10:47:58
жагат ушул жигит Арапов
0
Zarina.S.1998
2011-11-15 13:39:22
шайырбектей патриоттор коп болсун!
0
gulnuraa
2011-11-15 16:05:49
dabranov super
0
songtanaiza
2011-11-15 17:15:53
Максат Довранов телеге жаны чыкканада сасулькага окшош болчу жылдылдап,бирок жакшы алып барчы программаны
0
Bishkek
2011-11-15 19:25:13
shair alga alyctagy docyndan calam aida ekon baktyluu bolgula
0
№ 471, 11-17-ноябрь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан