Бир мезгилде аты чыккан артисттердин көбүн “өлтүрүп” коюшчу. Бул кара пиар кайра келди. Анткени жакында эле “Тата Уланды машина уруп кетип каза болду” деген жалган маалымат тарап, рэпердин күйөрмандарын гана эмес, өзүн да шок кылган. Эми “Кеңеш” тобундагы Мүзүрдү “өлдү” деп чыгышты.
“Классташым чалып “оо, Кудай, тирүү экенсиң!” дегенинен тамашалады го деп койгом. Кийин Фарида Карбозова “ырчылардын баары жаман болуп жатабыз, эмне болдуңар?” деп келинчегимден сураптыр. Ушундай суук сөз бат тарайт экен, тууган-уруктун баары сурап жатышат. Ким таратып жатканын билбейм, бирок мен тирүүмүн. Кудай сактасын”,- деп Мүзүр жерге үч түкүрүп отурат.