ЖИГИТ ӨЛБӨС БОЛСОЧУ...

2011-жылдын 16-октябрында “Тумар” радиосунда үн режиссёр болуп иштеген Жаныбек Айдаралиевди белгисиз бирөө сабап кеткени тууралуу жазганбыз. Жаныбек ошол күндөн бери өзүнө келбей, жандандыруу бөлүмүндө өлүм менен таймашып, жашоо үчүн күрөшүп жаткан. Ал өзүнө келбеген күндө да, жүрөгү согуп, жашоо белгисин берип турган эле. Бирок жаш жүрөк чарчап, ажалга моюн сунду.
9-ноябрь күнү кечке маал анын каза тапканы тууралуу “Тумардын” жетекчиси Алексей Сидоров билдирди. Жаныбектин сөөгү ал туулуп-өскөн Нарын жергесине алынып кетти.
“Супер-Инфонун”, “Тумар” радиосунун, “Пирамида” телеканалынын жалпы жамааты Жаныбектин жакындарына, жубайы Айжан Кулибаевага (ди-джей Алина Баженова) терең кайгыруу менен көңүл айтат. Жаныбек, жаркылдаган жигит элең, жаткан жериң жайлуу, топурагың торко болсун.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (39)
elzat
2011-11-15 13:55:03
Жаныбек жаткан жерин жайлуу болсун!!!Жаратканым жанаттан жай берсин!!!
0
malvina
2011-11-15 14:51:34
Жаныбектин жакындарына конул айтам, сабыр кылыныздар, Жаныбектин жаткан жери жайлуу болсун, сиздер эмес баардыгыбыздын ичибиз куйуп жатат, жараткандын жазганына баш ийип кала берет экенбиз. Куноолу адам сиздерден кутулган кундо да кудайымдан кутула албайт, ал акмак бироону сыздатып бактысыз кылган менен озу да бакыт таппайт, азыр убактылуу качып ырахат алганы менен эртеби-кечпи оз жазасын алат, кан коё бербейт деп ишенем. Сабыр кыла туралы.......
0
19zamir87
2011-11-15 17:11:59
Ооруканада 25 күн жатып,врачтар кантип эле өмүрүн сактап кала алышпады!
Аа..мүмкүн акча берип өлтүргүзүп койгондур деген ой келет!
Жаткан жери жайлуу
Топургы торко болсун!
0
Aibikusya
2011-11-15 17:15:35
Жаткан жери жайлуу болсун!!!
0
Bishkek
2011-11-15 19:21:32
jatkan jeri jailyy bolcun.aibandar jazacyn alcyn taxcic chochko oshonun aiynan jardam berem dep kaza boldu aialy tybyno jetce eken 2butu aibandardyn
0
solnyshko
2011-11-16 12:37:39
Жаткан жер жайлуу болсун....Кудайым калган омурун уй-булоосуно бир тууганына берсин....А тиги баланы болсо табып,омур бою камакка алыш керек...Бироонун алтындай баласын,жашоо мумкунчулугунон ажыратты,эч кимдин акысы жок мындай кылганга...Жазадын качып кутулса,Кудайымдын жазасынан кутула албайт....
0
coolcool
2011-11-16 17:43:34
@solnyshko Кудайым калган омурун уй-булоосуно берсин деген туура эмес ко, анткени биз билбейбиз да, анын канча жылдык омуру калганын. балким бугунку менен токтогондур...

Жаныбек, абдан жакшы киши эле. Жаратканга керек болсо керек! Жакшы адамдарды тез алат деген ушу белем. Жаткан жери жайлуу болсун
0
almaz1979
2011-11-16 21:34:33
Beishke chyksyn
0
Shaki
2011-11-17 01:21:40
Jany Jannatta bolsun! Janybektin kaza bolgonun ugup taxsistin tabaktai beti chymyrady beken? Taxsisi talkalanyp kalsa da tim koigondo go,arman....
0
Ohna
2011-11-17 05:11:31
Biz kanteli, kyska boldu omurun?
Jurok syzdap, kala berdik okunup.
Bolot emi senin jaiyn beyishten,
Yraa korup Allah taalam buiurgan!
Alat bir kun Maksat dagy jazaasyn,
Korup turat Alla taalam baarysyn.
Konul aitam senin jakyn jandaryna,
Allahym jazgan eken uwu kundu mandaiyna...
0
Lux
2011-11-18 12:49:10
Жаткан жери жайлуу болсун ал эми куноолу кишини кудай жазасын берсин.
0
evropa
2011-11-18 16:42:29
Aa koopsuzduk kyzmatkerlerdin kolunan haia kelbeit,alar büt korupsionerler emdigi4e karmachpait bele zöökürdü.
0
Aksandyk
2011-11-18 19:19:46
Жаныбектин туугандарына конул айтам,ишенем Жаныбек азыр бейиште,Максат сен озунду озун олтуросун,себеби Жаныбектин куйормандары эле сени тынч койбойт
0
nurlankg89
2011-11-19 12:35:27
jatkan jeri jailyy bolsun.Kairat kil...
0
janet
2011-11-20 23:23:24
Жаны жаннаттан жай алсын, куноолору кечирилсин! Кайрат кыл! Турмуш кургур улана берет
0
№ 471, 11-17-ноябрь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан