АЙНУРАГА КАЗАК БАЙЫ ДОМБРА БЕЛЕККЕ БЕРДИ

“Кыргыздын эски ырларын комуздун, аккордеондун коштоосунда укканды сүйгөн казактын бир бай мырзасы эми кыргыз ырларын домбранын коштоосунда угууну каалаган экен. Мага күмүш жана эликтин мүйүзү менен кооздолгон домбраны белекке берди”,- деп Айнура Салахидинова кубанып жүрөт. “Ал мырза жума сайын туугандарын, досторун чакырып тамак берип турат. Анан “кыргыз ырларын ырдап бергиле” деп бизди чакырат. Ушул жолу барганымда мага ушундай кооз домбраны белекке берди. Мен эмкисинде домбра менен ырдап, ал кишини кубантайын деп даярданып жатам”,- дейт. “Күздө күйөөгө кетем” деп жатты эле Айнура. Күз деле бүтүп баратат, ким билет, балким, казак байы келин кылып алайын деп күмүштөн домбра белек бергендир. Дегенибиз, кыргыздын ырчы кыздары казактарга кетип жатпайбы...

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (10)
monchok
2011-11-14 13:14:33
аман эле болгулада кыргыздын кыздары
0
Chika78
2011-11-14 13:58:37
Артистер ушундай да байдын ашын мулкун мактап жан багып
0
elya2404
2011-11-14 19:55:27
Chika78,ха-ха, туура айтасын. Анпесе ачка калышатда. Бирок Айнуранын уну жакшы. Гул берсе деле жарылай бербей, мактоо баракча алсанар жарыяласанар!
0
bopos
2011-11-15 12:57:41
кызыксынар антпесе кантип жан багат.Айнура жакшы ырдайт колдоочу гана жок го дейм.орустар гул менен эле кубантып журушот го.
0
Duishobai
2011-11-15 22:14:08
Ай менин суйуктуу мекендеш айымдарым качан байлыкты энсегенди койосунар?
0
gulzaatkai
2011-11-16 09:56:23
Эч кандай колдоочу кереги жок Айнура мактанып эле журбойбу тигуу цехим бар колдоочум апам деп дагы кандайча колдоочу керек экен.
0
4aidai
2011-11-17 14:04:04
ай форумдун катышуучулары, качан коз артканынарды токтотосунар, Айнуранын талантын баалап белек бергендир, созсуз эле жаман ойлош керекпи, мен деле кыргыздын кол онорчулугу тууралуу презентация жазап, Алма-атада, Швецияда корсоткондо мага казактын бир министри конвертте акча, Швециядан кумуш статуя алып келгем, анын эмнеси жаман экен. Кой, коро албастыкты мындай таштап, бири-бирибизди колдойлук, алакандай калкпыз.
0
4aidai
2011-11-17 14:07:11
Chika78 ге жооп
сен деле бир жерде акчага иштейсин да, анан сага бироо премия берсе, же "шабашка" жазасан суйуносун да, туурабы, ырчылар деле суйунот, бизден кобуроок акча табышы мумкун, ичин куйсо туз жала...
0
sardar1
2011-11-17 14:28:41
ykmash eken. ,izge da dombra menen irdap berebi emi
0
IlyasMasirov
2011-11-17 14:49:09
ичи тарлардын богу алтындай чыга беретта :) алардын озулордун колунан эчтеке да келбейтта, ооздорун тырмап инетте ушактарын угуп жыргап журушот байкуштар. силердин колунан да К келбейт, бечаралар, особенно Chika78
0
№ 471, 11-17-ноябрь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан