Бир ырчы мырзага келинчеги “башка кыздар тууралуу ырдайсың да, мен жөнүндө ыр чыгарбайсың” деп катуу таарынган экен. Ал эми Эмил Балтагулов болсо айттырбай эле жан шеригине арнап ыр чыгарып койгон. Ыр дүйнөсүн тандап алышкан Эмил менен Гүлгүнай мамыр-жумур болуп үй-бүлө очогун тутантып келишет.
ЭМИЛБЕК БАЛТАГУЛОВ
Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Терек-Сай шаарчасынын кулуну.
Туулган жылы – 1981-жыл, 28-сентябрь.
Үй-бүлөдө 6 бир тууган. Эки кыз, төрт уулдун улуусу.
Эки жаштын өкүл атасы – Ибрагим Жунусов.
“Адамдын бешенесине жазган тагдырды дуба өзгөртөт. Той-топурларда көпчүлүк мага “эки кызың бар, эми уул берсин Кудайым” деп бата беришет” деп уул күтүп жүрөт.ГҮЛГҮНАЙ ЖУМАБЕКОВА
1986-жылы 5-апрелде Ош облусунун Кара-Кулжа районунда туулган.
Үй-бүлөдө 6 бир тууган. Бир уул, беш кыздын кенжеси.
ОшМУнун искусство факультетин бүтүргөн.
– Келгиле, экөөңөр таанышып, табышкан күндөрдү чогуу эстейли.
Эмил: – 2004-жылы окууну бүтүп, борборго кетмекчи болуп калдым. Ибрагим Жунусов ОшМУда декан эле, ал мени кетирбей искусство факультетине алып калып, 1-курстарга куратор кылып дайындады. 50дөй студентим бар, бирин таанысам, экинчисин тааныбайм. 1 ай өткөн соң Гүлгүнайды көрүп калып, “биздин факультетте окуйт бекен?” деген кызыгуу пайда болуп сураштырсам, өзүмдүн студентим болуп чыкты. Студент кыздар тийишип суроолорду беришсе, бул унчукпай отура берчү, эч нерсе менен иши жок. Жактырып, “аа, ушундан бир нерсе чыгат” деп калдым.
– Студентин сүйдүрүп алуу окутуучусуна оңой болдубу же агайды арбап алуубу?
Гүлгүнай: –Агайды сүйдүрүп алайын деп аракет деле кылбагам.
Э.: – Бир жолу 3-4 кыз менен сыртта туруптур. “Жүргүлө, силерди узатып коёюн” деп ызаат көрсөтүп баратып, 3 жолу сураптырмын “каяктан болосуң?” деп. Ошол сөзүмдөн кармалсам керек. Кийинчерээк 1-курстарга арналган концерт-кече болду. Концерттен соң “эгер макул болсоң, экөөбүз сүйлөшөлү, мүнөзүм жакса, үйлөнөлү. Жакпасам, кыйнабайм-кыстабайм” дедим. “Үч күн убакыт берейин” десем, мунум “бүгүн эле айта берейинчи жообун” деп калбаспы.
Г.: – Биринчи көргөндө эле жаккан, бирок сыр билгизбей жүргөм. Анан учурдан пайдаланып макулмун дей салгам.
– Кызганыч сезими барбы? “Бирде таарынып, бирде күлүп тосуп алат” деп ырдап жүрбөйсүзбү.
Э.: – Казан-аякка зыяныбыз тийбейт, идиштер сынбайт. Жөн гана тултуюшуп, таарынышабыз. Келинчегим үйдүн кенжеси болгондуктанбы, эрке. Орусияда концерт коюп 40 күн жүрдүк, балдарды сагынып, кыларга иш жок калганда эле урушуп, таарынышмай. Урушканыбыз да жакшы болгон экен, ошондон улам жакшы ыр жазылды.
– Демек, таарынычты ыр менен жазасыңар.
Э.: – Ооба. Таарынган убакта таптакыр сүйлөшпөй, балдарыбыз аркылуу сүйлөшүп калабыз. “Апаңа барып минтип айтчы” десем, улуу кызым чуркаган бойдон апасына барат. Апасы “атаңа айт, чай ичсин” дейт. Кыскасы, кыздарыбыз катчы болот андайда.
– Катчы кыздар чоңоюп калыштыбы?
Э.: – Амина 5 жашта, Мадина 3кө чыкты. Мадина мага жакын. Аминасы башты оорутуп кээде күтүлбөгөн суроолорду берет. Өткөндө “мен төрөшүм керек болуп жатат, кантип төрөсөм болот?” дейт. Алдап-соолап башка суроосуна жооп берип коёюн десем болбой жооп талап кылып айламды кетирди. Апасына барып “атам төрөгөндү үйрөтпөй жатат, сен үйрөтчү” деп айтат. Жүндөн байпак токуп берсе, “байпак токуган жакшы экен, мен байпак токуган күйөөгө тием” дейт. “Күйөөлөр байпак токубайт, кызым, аялдар токуйт” деп койсом “анда байпак токуган аялга тием” деп күлкүнү келтирет. Апасынын көйнөгүн кийип, өзүнө “күйөө” издеп калмай адаты бар. Инилерим студент, Аминанын ою менен болуп тизесинен келген кызым менен вальс бийлешет. Мадина болсо эркек мүнөз, эжесин уруп эле жүрөт, көк бет, апасын тартып.
– Ий, келинчегиңиздин көзүнчө көк бет деп салбадыңызбы?..
Э.: – Мурда көк бет болчу. Жаш болчу да, эми турмушка бышып баратат.
– 14-февралда Оштогу телеканалдан “биз сүйүшкөндөрбүз” деп чыктыңар да, көп өтпөй эле үйлөндүңөр...
Э.: – 2004-жыл болчу. “Экөөңөр тууралуу телеберүү тартабыз, Ош эле көрөт, республикага чыкпайт” дешкен. Анан сүйүшкөндөр күнүндө телеберүүгө тартылып, сырларыбызды ачып койдук. Берүүнү республикага чыгарып жиберишиптир. Анан Гүлгүнайдын ата-энеси чалып “окууңду жыйыштыр, окутпайм” деп чыгышты.
Г.: – Ата-энем “Гүлгүнай агайы менен сүйлөшүп алыптыр, чоң киши экен” деп ойлошкон экен.
Э.: – Ага чейин кайнатам келип мага “сен мугалими экенсиң, карап жүр” деп тапшырып, карышкырга кой кайтартып кеткен. Анан баягы берүүдөн кийин кайра келишти. Кайненем кайнатамды “бала ичпейт, чекпейт экен, урушпа” деп алып келиптир. “5-курсту бүткөнгө чейин ала качып кетмей, Чаткалда жашамай жок” дешти. Макул деп жөнөтүп коюп, окуу жылы аяктап, акыркы экзамен тапшырып жаткан күнү ала качып кеттим. Үйүндөгүлөр автобустан күтүп алабыз деп турушкан экен. Гүлгүнайдын ордуна “ата, апа, кечиргиле, өлүмдөн башкасынын баары эрте болгону жакшы, мен кызыңарды алып кеттим” деген кат барды.
Г.: – Айылдан мени бирөөлөр ала качканга даярданып жатат деген сөздөрдү уга баштадым. Ошондон коркуп, экөөбүз сүйлөшүп кетип калганбыз. Ала качкан күнү энем (кайненем) да биз менен чогуу кеткен. Ошентип, Чаткалга келин болдум. Башында кээ бир сөздөргө түшүнчү эмесмин. Ачыткыны “камыр туруш” дешет экен. Кошуна эже “камыр туруш берип койгулачы” десе үйгө кирип, камыр турушу кандай идиш болду экен деп таппайм.
Э.: – Алгач барганда “абысындарыңа жаман көрүнбөй короо шыпыр” деп эрте тургузуп койчумун. Шылкылдап уктап, турбай кыйначу. Анан таң заардан эптеп туруп короо тазалап, кошунаныкын кошо шыпырып салчу. Колдору жооруп жүрүп тыңыды, эми конокко эле барат.
– Көөдөндө ырчы болом деген тилек бала кезден бар беле же кийинчерээк кесип кылып алгансыңарбы?
Г.: – Мектепке бара электе ырдачумун. Ырчы болом дегенден башка максатым жок болчу. Турмушка чыккан соң ырчы болом деген ниетим басаңдады.
Эмил: – Бала кезде ашып кетсе райондук фестивалдарга барып катышчумун. Гүлгүнай болсо республикалык деңгээлдеги кароо-сынактарда кичинекейинен эле ырдап жүрчү экен.
– Турмуш ысык-суук, өйдө-ылдый менен өтөт эмеспи...
Э.: – Университетке эки жылдай салымымды коштум десем болот. Жумушка кирерде документтерим туура болбой калып, айлык чыкчу эмес. Той-топур, гастрол, концерттер менен жан багып, айлык алгандардан жакшы жашачубуз. Азыр деле негизги киреше ырчылыктан. Башка жумуш жасап көрөйүн деп фирмада иштедим, болбоду. Кайра эле чыгармачылык тартып кетти. Айылга да барып иштеп келдим. Анткени айылдын жашоосун да көрүш керек. Чаткалга барып жарым жыл жашадык, кыздарым кумурска көрсө деле кыйкырып ыйлай беришчү, айылга барып көнүштү. Бизге айылга жашаганга эрте экен. Шаарда батирде жашап жүрчүбүз, айылдан борборго келип, азыр үй алдык.
– “Эмил ыймандуу, көчөдөн карыны көрсө, колунан баштыгын көтөрүшүп алат” деген сөздөрдү сизге көп айтышат.
– Элге анча тааныла электе чын эле ошондой болчумун. Азыр деле дилимде бар андай сапат. Бирок көргөндөр “бул мактанып жатабы, өзүн көрсөткөнүбү” дешеби деп бир аз тартынам.
Г.: – Кээ бир эркектердей болуп кыздарга барып, бильярд ойноп, кеч келбейт деле. Терс мүнөзү жок. Экөөбүз тең ырдайбыз, тенниске кызыгабыз. Анан үйгө теннис алып койдук, азыр көчөгө чыкпай теннис ойномой.
Э.: – Бетке айт, терс мүнөзүмдү деп койбоймбу. Досторум менен бир жакка кеткенде шаштырып, “тез келбейсизби” деп телефон чалат. Жиним келип урушам “элге окшоп ичип жүрбөсөм, кыздарга барбасам, досторум менен ыйман сабагында, маанилүү жолугушууларда жүрөм” деп.
– Кийим тандоодо табитиңер кандай?
Э.: – Жубайымды “жоолук салын, узун, жабык кий” деп айтам. Кыскараак алып койсо таарынып, капа болом, узун кийим алганда “укмуш жарашты” деп мактайм. Мүнөзүм жаш баладай. Ошонун кесепетиби, кээде түркүн түстөгү кийим алып алам. Андайда башка кийимдеримди окшоштура албай Гүлгүнайдын айласы кетет.
Г.: – 46 килограмм элем, төрөгөн соң 70 болуп кеттим. Ошондо “мен толуп кеттим, сага арык кыздар жагып жатабы?” деп жинине тийчүмүн. “Арыктайм” десем жакшы сөздөр менен жоошутуп койчу. Тааныбай калгандар “Эмилдин жубайы арык эле, башканы ээрчитип жүрөт” деп менин көзүмчө шыбырашчу. Кийинчерээк кайра арыктап кеттим.
Бурул Исмаилова
star@super.kg