Автоунаанын номуру баарынан өзгөчө болуп, анын ордуна жакын арада ысым же фамилия жазуу мүмкүнчүлүгү чындыкка айланышы ыктымал. Мындай сунушту депутат Дастан Бекешев киргизип, андан түшкөн каражатты социалдык тармакты камсыздоого чакырды. “Бир эле ысым, фамилия менен чектелбестен, айдоочунун каалоосуна жараша электрондук дарек, жер-суу аталыштары жана башка сөздөрдү номурдун ордуна жазууга уруксат берүү керек”,- деди.
Депутаттардын айтымында, азырынча баа 100 миң сомдун тегерегинде болушу ыктымал.