Бишкектеги суперстандыктар да бири-бирин сагынышып калышканбы, айтор, «Күүгүмдүн» премьерасынын шылтоосу менен кинотеатрдан кезигүүнү туура көрүштү.
Adalsvards, solnyshko, muratali, nurjigit, akusya, andormeda, Janayim, Programmer, Giza, kutu, Takeshbek, Kubanychbekkagan, Sara, Fianit деген никтер менен Суперстанды “чаңыткан” колдонуучулар иш күнүнө карабай шаарыбыздын ири кинотеатрларынын биринде жолугушту. Жумуштарын жыйыштырып коюп шашылып келгендер да болбой койгон жок. Форумчулар жагымдуу жагдайда “Күүгүм” тасмасын көрүшүп, соңунда түнкү Бишкекте сейилдеп, сагынычтарын таратып кайтышты.
Бул кезигүү сагынычтын моокумун кандырбаган көрүнөт. Себеби таркап бара жатышып 12-13-декабрь күндөрү Спорт Ордосунда өтүүчү “Жылдын суперлери” тандалган “Супер-Инфонун” концертине баралы деп сүйлөшүп жаткандарын кулагым чалды. Албетте, каалоочуларга эшик ачык!
Гүлзат Мамытканова
info@super.kg