Суперстандагы кызыктуу темалардын бирин окуп жатып “Алысты жакын кылган сотка” деген заманбап макал окуп калдым эле. Бул макалды өзгөртүп, “алысты жакын кылган www.super.kg” десем жаңылбайм. Дегеним, биздин сайт мекенинен алыс жүргөн кыргыздарды жакындатып, достоштуруп жаткан кези. Бул ирет сайтыбыздын колдонуучуларынын дагы бир көңүлдүү жолугушуусу Москвада болуп өттү.
Канча мезгилден бери сайтыбыздын тургундары таанышып, достошуп, жолугушуп жүрүшөт. Кыргызстанда болобу, Орусия, Австрияда болобу, мекендештерибиздин башын бириктирип, тааныштырып, кээ бирлерин түгөй кылып табыштырып жатканыбызга чын эле ичибиз жылыйт. Москва шаарындагы суперстандыктардын чыдамсыздык менен күткөн кезектеги жолугушуу күнү келип, аны бир укмуш өткөзүшкөнү форумдагы кызуу талкууга алынган темадан билинүүдө.
Жагымдуу кече 26-ноябрда, Москвадагы ресторандардын биринде өттү. Чет өлкөдөгү суперстандыктардын катары күн санап өсүп жатканын ушундан байкасак болот. Анткени бул жолку жолугушууга отуздан ашуун колдонуучу келген экен. Уюштуруу боюнча тизгинди колуна Arstan, Timurkg, Burana, Otkurbek аттуу супер “шустрый” форумчуларыбыз алышкан. Катуу даярданышкан бейм, кече көңүлдүү өтүш үчүн атайын сценарий түзүп алышыптыр. Анда боорду эзген оюндар, залдын чаңын чыгарган бийлер менен коштолуп, кече шаңдуу уланган.
Дагы бир кызыгы, Суперстандын тургундары форумдагы ар кандай күлкүлүү быйтыктарды туурашып бири-биринин көңүлдөрүн көтөрүшкөн. Ал эми Burana аттуу форумчу “бул кечени “Супер-Инфо” деген жазуусу бар таттуу тортсуз өткөрө албайбыз” деп ошондой жазуусу менен торт даярдаткан экен. “Биз зирек жаштарданбыз. Баарына жетишебиз, ишке да, оюнга да” деген super.kg сайтынын Москва шаарындагы колдонуучулары таң атып калган кезде тарашыптыр.
Кайда болсоңор да аман жүргүлө деген тилектерибиз менен көп адамдардын достугуна көпүрө болуп берип жатканыбызга дагы бир ирет кубандык.
Гүлзат Мамытканова
info@super.kg