СУПЕР СУЛУУ-2011

"Жөжөнү күздө санайбыз" деп коёт эмеспизби, мына, саначу маал, "Супер сулуу-2011" сынагынын жеңүүчүсүн аныктоочу маал келди. "Супер сулуу" сынагы быйыл бешинчи ирет ай чырайлуу, кымча бел сулуулар арасында өткөрүлүүдө. Жалпысынан сынакка кыргызымдын 36 кара көз сулуулары катышып, алардын 14ү иргелип финалга чыгышты. Сынактын дагы бир шарты, купальник менен сүрөткө түшүү болчу.
Маралдай керилген бийкечтер 12-13-декабрда Спорт Ордосунда өтүүчү концертте өз өнөрлөрүн көрсөтүүгө катуу чамданып, даярдык көрүп жаткан чактары. Кыздардын келбетине сиз да баа берип, "Супер сулуу-2011" наамынын жеңүүчүсүн бирге тандайлы!
Айтмакчы, бул ирет "Супер сулууга" "Келдике" зер борборунун мыкты дизайнерлери атайын таажы жасашууда.

Сынактын баш байгесин алган бактылуу бийкеч кычыраган кыш мезгилинде жыпжылуу экзотикалык өлкөлөрдүн бирине эс алууга жолдомо алмакчы. Элестетиңиз, Кыргызстанда кычыраган кыш, ал эми жеңүүчү кыз ысык өлкөгө барып көк ирим сууга түшүп, күнгө кактанып, чет элдин маданияты, эли менен таанышып, саякаттап келет... Ал эми калган кыздар да концерттен куру кол кетпей, өзүнө татыктуу наам алат деп ишендиребиз.
Сынакка тактыгынан тайбаган атактуу инсандар калыс болмокчу. Жарым жылдан бери ат салышып келе жаткан кыздарды мурун гезит бетинен гана көрө алсаңыздар, эми алар сиздерге өз өнөрлөрүн тартуулашмакчы. Жомоктогудай атмосфера, суйкайган кыздар... Мунун баары бир гана 12-13-декабрь күндөрү Спорт Ордосунда болмокчу. Андыктан, достор, “Супер концерт-2011ди” өткөрүп жибербеңиздер. Ысык болот!

"СУПЕР СУЛУУ-2011" СЫНАГЫНЫН ФИНАЛЧЫЛАРЫ ТӨМӨНКҮ
СУРООЛОРГО ЖООП БЕРИШТИ:
– Эки жигитти жактырып калдың дейли. Бири келишимдүү, экинчиси бай. Кайсынысын тандамаксың?
– Келбетиңден кайсы жериңди “фишкам” деп эсептейсиң?
– Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов качан, кайда төрөлгөн?

 Кыстарылган видео 
Сулуулардын даярдыгы күч алууда
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (31)
Ardar
2011-12-07 18:52:12
Баары сулуу,бирок мындай суроттунор ата энелерге жакпайтго дейм....
0
Ainaz-97
2011-12-08 09:11:18
баарыдк адам сулуу, аны суйгон адам болсо!
0
хулиганка
2011-12-08 11:02:30
Чынымды айтсам эч кимиси жаккан жок.
0
dioro
2011-12-08 17:19:00
ой тобо жузун кургур Кыргыз элинин ТУУСУ болгон Ч.Айтматовду билбегенден кийин соз жок буларга ,ойлорун баары байлык экен , №6 Нурайым Асакеева акылдуу кыз окшойт жооп берген созуно караганда тушунуктуу экенсин!байлык колдун кири келип кетчу.......
0
erma_bm
2011-12-08 19:19:21
ывпыв
0
Shaki
2011-12-09 10:37:19
6-bolgon Nuraiym Asakeeva Chyngyz Aitmatovdu At Bashydan bolso kerek degendi aitkandan sen uialbasan,okugandan men uialdym, betim ii..
0
studentka
2011-12-09 10:51:05
№7 Надирабегим деген кыз татыктуудай. Суроолорго да орундуу жооп бериптир. Суротко да грамотно тушуптур.
0
KTB
2011-12-09 11:26:15
ОО карындаштар улуу жазычуу Ч.Айтматовдун кайда качан торолгонун билбегениер эн уят. Айрыкча бул карындаштар китеп бетин ачып окуп койгула Айтматовдун омур баянын!
№1 Айчурок Бекобоева,
№3 Айчурок Таалайбек кызы,
№6 Нурайым Асакеева,
№10 Тумар Бегматова.
0
melek
2011-12-09 18:44:43
№1 Айсулуу жана №7 Надирабегим
0
jonn
2011-12-11 23:41:20
баардыгы сулу экен
0
kyrghyz
2011-12-12 02:25:24
Биринчи кыз жакты Айнура деген, калганынар сначала к пластическому хирургу, андан кийин сулуулар конкурсуна
0
joni82
2011-12-17 13:40:23
USHULAR KANTIP SULUU BOLSUN AITMAMATOVDUN OMUR BAYNUN BILBESE PROSTO UYT
0
joni82
2011-12-17 13:42:29
ushular kantip suluu bolsun Aitmamatovdun omur baynun bilbese took meeler
0
joni82
2011-12-17 13:44:28
bir kun paidalansa bolchudai baaryn
0
tilya_93
2012-01-16 13:59:43
мен сулуу кордум еле, баары куник екенго фууууууууууууууу
0
№ 474, 2-8-декабрь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан