26-ноябрда “Алтын граммофон” статуэткасын алып жатып, Филипп Киркоров “бир канча мүнөт мурун менин ата болгонумду кабарлашты. Мен кыздуу болдум” деп кубанычын жашырбады.
Наристенин апасы көптөн бери Америкада жашаган орус кыз жана ал «суррогат эне». Бул айым кышында Москвага көчүп келүүнү пландап жатыптыр. Филипп кызынын атын Виктория коём деп кыялданып жаткан учуру.