Актёр жана Калифорния штатынын экс-губернатору Арнольд Шварценеггер “Акыркы мушташ” (“Последняя битва”) аттуу боевик тасмага тартылып жатат. Каскадёрлорго ишенбей, бардык трюктарды өзү аткарууда. Актёр азыр 64 жашта, “ар бир туура эмес кыймыл актёрдун жашоосун алып тынышы мүмкүн” деп коркушууда тасма тарткан топ. Жакында эле Арнольд интернет барагына башы сыйрылган сүрөтүн койгон.