МЕКЕНИНЕ КАЙТЫП КЕЛЕ ЖАТЫП ТОҢУП КАЛА ЖАЗДАШТЫ
24-ноябрда Казакстандын түндүгүндө Орусияда иштеп, кайра мекенине кайтып келе жаткандар аз жерден тоңуп кала жаздашты. Алар отуруп келе жаткан автобус Булаево айылынан алыс эмес жердеги чөлдө катуу сууктан улам бузулуп калган. Омск шаарынан келе жаткан Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын 53 жараны түшкөн автобус кыска убакытка токтогон. 25 градус суукта 10 мүнөт токтоп тургандыктан, дөңгөлөктөрдүн тормоздук колодкалары тоңуп калып, автобусту жылдырбай кармап калган.
Тоңгону калган жүргүнчүлөрдү трассада патрулда жүргөн жол полициясынын кызматкерлери көрүп калышып, жергиликтүү акимчиликке жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө билдиришкен. Жабыркагандарды жергиликтүү бийлик элеватордун ашканасына жайгаштырып, ысык тамак уюштурушкан. Мындан сырткары жол полициясынын кызматкерлери автобусту оңдоп да беришкен.
ӨЛТҮРҮП, ЛЮККА ТАШТАП ЖИБЕРИПТИР
24-ноябрда Сокулук районунун Шопоков шаарындагы канализациялык люктан киши колдуу болуп өлгөн адамдын сөөгү табылган. Издөө-иликтөө иштеринин натыйжасында анын 54 жаштагы М.М. экендиги аныкталып, бул оор кылмышка шектүү делинип Сокулук районунун 30 жаштагы тургуну кармалган.
ИИМдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, кылмыш мас абалында урушуудан келип чыккан. Маркумду башына жыгач таяк менен чаап өлтүрүп, сөөктү люкка таштап жибергени аныкталды. Сокулук РИИБинин тергөө бөлүмү тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (киши өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
БАШКА ӨЛКӨГӨ БАҢГИЗАТ ТАШЫЙМ ДЕП...
25-ноябрда Бишкек ШИИБинин уюшкан кылмышка жана коррупцияга каршы бөлүмүнүн кызматкерлери темир жол бекетинен алыс эмес жерден баңгизаты менен шугулданган Ысык-Көл облусунун 42 жаштагы Ж. аттуу тургунун кармашкан. Аны текшере келгенде жанынан 2 килограмм 600 грамм гашиш табылган. Маалыматтарга караганда, кармалган адам аны сатуу үчүн башка өлкөгө алып бармакчы болгон. Бишкек ШИИБинин тергөө бөлүмү тарабынан кылмыш иши козголуп, иликтөө жүргүзүлүүдө.
ГАЗ БАЛЛОНУ ЖАРЫЛЫП, 9 КИШИ ЖАБЫРКАДЫ
27-ноябрда Аламүдүн районуна караштуу Пригородное айылындагы бир үйдө газ баллону жарылган. ӨКМнын маалымат кызматынын билдиришинче, бул жарылуудан 9 киши жабыркаган. Учурда 16 жаштагы А.Керимбекова жана 8 жаштагы Ч.Курсантбек уулу Бишкек шаардык №3-балдар ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө. Калган 7 киши (анын ичинде 7 жана 13 жаштагы балдар да бар) №4-оорукананын күйүк бөлүмүндө.
ЗАВОДДО ӨРТ ЧЫКТЫ
27-ноябрда Токмок шаарындагы 3 жылдан бери иштебей турган “Интергласс” заводунда өрт чыккан. ӨКМнын маалымат кызматынын билдиришинче, 1440 чарчы метр аянт өрттөнгөн. Анын кесепетинен пластик жана тактай менен жасалгаланган жыйналыш өтүүчү зал, цехтин башчысынын иш бөлмөсү жана компьютер күйүп кеткен. Өрт электр буюмдарын колдонууда өрт коопсуздугун сактабагандыктан келип чыккан.
Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg