Ошентип, “Супер-Инфонун” “Жылдын суперлерин” тандоосу боюнча WWW.SUPER.KG сайтында жүргүзүлгөн сурамжылоосунда айрым наамдар боюнча добуш берүү токтотулуп, алдыңкы үчилтиктер суурулуп чыкты. Эки жума бою айыгышкан добуш берүү жүрдү десек жаңылышпайбыз. Жыйынтыгында үч фильм финалга чыкты. Атайын түзүлгөн калыстар тобу 3-4-декабрь күндөрү “Кыргыз киносу” кинотеатрында үчилтикке чыккан үч тасманы көрүп, баалап, жеңүүчүнү аныкташат.
Бурул Исмаилова
star@super.kg