Саамайыбыздан сылап чоңойткон ата-энеге канча ирет рахмат айтсак да аздык кылат. Алар балдары үчүн эмнеге гана барышпайт, чиркин! Минтип балдары чоңоюп калса да, алардын кичине кезиндеги кылык-жоруктарынан эзиле айтып берүүнү жакшы көрүшөт.
Бадир Салахидинов,
Айнура Салахидинованын атасы:
“КЫЗЫМА АЯШ АТАСЫ БИР ЧАКА БАЛМУЗДАК КАРЫЗ”
– Айнура кичине кезинде суудан аябай коркчу. Жайкысын Ысык-Көлгө, пансионатка барып калганда сууну кечип да койчу эмес. Жээгинде, кумда ойной берер эле. Анан апасы экөөбүз аны көтөрүп барып, ыйлатып, чыңыртып сууга салчубуз. “Ата-а, корком!” дегенден башка сөз айта албай ыйлай берчү.
Дагы эсимде калганы, каникул башталары менен эле айылдагы таенесиникине алпарып таштап келчүмүн. Бир жолу жолдо баратканда “барбаймын, калбаймын” деп ыйлай баштады. Эмне кыларымды билбей, “шаарга келгенде “Сникерс” сатып берем” деп алдасам, “мен шаарга келгенче “Сникерстин” баары түгөнүп калат да...” деп ыйласа болобу. Ал шоколаддар азыркыга чейин деле түгөнбөй келет го.
Ал эми комузду кичинесинен эле чертет. Үйгө келген коноктор Айнурага комуз черттирип калышчу. Бир жолу Алибек деген аяш атасы “сага бир чака балмуздак карызмын” деп койду эле, ошону чоңойгончо доолап жүрдү. Алибек ал балмуздакты эмгиче алып бере элек.
Намазбек Исраилов,
Назиктин атасы:
“ТАЕЖЕМДИН ШЛЯПАСЫНА МЫШЫКТЫ САЛЫП АЛЫП...”
– Назик кичинесинен эле мага жакын болду. Көбүнчө мени ээрчип жүрчү. Машинанын арткы орундугуна чыгып, жаздык коюп жатып алмай адаты бар эле. Көчөдөн ит көрсө, “ата-а, айнегиңди жап, иттер кулагыңды жулуп алат!” деп кыйкырып калчу.
Бир жолу чоң эле кызматта иштеген таежем менен бирге конокко барып калдык. Балдар башка бөлмөдө ойноп жатышкан. Бир маалда таежем балдар ойноп жаткан жакты улам карап эле кыжалат боло берди. Көрсө, тентек кызым анын кымбат шляпасына мышыкты салып алып сүйрөп жүрүптүр. Аны кой деп койбостон, таежем унчуга албай отурган экен.
Үсөнакун Алымбеков,
Гүланданын атасы:
“ТӨРТ БУРЧТУКТУН ТӨРТ ЧУШТУГУЮ БАР” ДЕП КҮЛДҮРГӨН”
– Гүланданы кичине кезинде конокко ээрчитип барсак эле тамак алдыга келгенде “кетели” деп ыйлап отуруп алчу. Бир жолу конокко баратып үйгө таштап кетип жатсак, ээрчийт. “Сен ал жактан ыйлайт экенсиң” десек, “анда мен тамашалап эле ыйлап койгом” деп боорду эзген. Бир жолу конокто отурсак, сырттан чуркап кирип, “ата, жүрү, үйгө кеттик. Булардын ити мени жаман көрүп жатат” дейт. “Кантип?” десем, “өзү ары карап алып, мени көзүнүн кыры менен карап жатпайбы...” деп коёт.
Башталгыч класста окуп жүргөн кезиндеги бир окуя да эсимден кетпейт. Гүланданын билимин текшерүү үчүн сабагына катышып калдым. Мугалим “төрт бурчтуктун эмнеси бар?” деген суроо узатты эле, окуучулардын бири “төрт кыры бар”, экинчиси “төрт бурчу бар” деп жооп беришсе, кызым улам кол көтөрөт. Мугалим “Гүланда, сен айтчы, дагы эмнеси бар?” десе, “4 чуштугую бар” деп күлдүрүп жатпайбы.
Төрөбек Кабылов,
Айжамал Кабылованын атасы:
“КЫЗЫМДЫН ТИЛИ ТӨЙӨ ДЕП ЧЫККАН”
– Кызым кичинесинде аябай тың, тентек эле. 11 айында баскан. Ал эми 7 айында тили "Төйө" деп менин атымды айтып чыкканы эсимде. Ал учурда шартка байланыштуу таенесиникинде жүрүшчү. Анан кайненем: “Кыз дегендин тили “апа” деп чыкпайбы же жок дегенде “ата” десе эмне?! Так эле атын айтып алат”,- деп урушуп калчу. Бир аз чоңойгондо үйдүн жанындагы пайдубалга кошунанын кыздарын тизип алып, аларга кол чаптырып коюп ырдаганын көп эстейм. Аларды “сен Алина Жетигеновасың, сен Айчүрөк Иманалиевасың” деп чаканын үстүнө чыгарып, шыпыргы карматып, ырдатар эле. Мен ошол кезде кызыма “ырдаганды койсоңчу, биздин тукумдан ырчы чыккан эмес” деп көп айтчумун.
Бир жолу жолдо турсам, бирөө “кызыңды карачы” деп калды. Карасам, ары жакта кыздар менен тытышып жатыптыр. Бети-башы жакшы эле тытылган экен. Ошол жерден урушуп кирдим. “Ата, мен эч нерсе кылбасам деле өзү...” деп кутулуп кеткен.
Кубик Калыков,
Айпери Кубик кызынын атасы:
“КЫЗЫМДЫН ЖАЛАЯГЫН ЖУУЧУМУН”
– Айпери мен Ноокатта иштеп, жаңы турмуш куруп, батирде жашап жүргөндө 7 айлык болуп төрөлгөн. Аябай ыйлаак болчу. Катуу ыйлаганда 20-30 секундга чейин эрип калчу. “Качан үнү чыгат?” деп бир чети коркуп, бир чети санап турар элем. Апасы ооруканада жатканда Айперинин жалаяктарын жууган күндөрүм көп эле болгон. Тамак берерде мен алдында бийлеп туруп, апасы аны көтөрүп алып жегизчүбүз. Кийин чоңойгондо тентек кыз болду.
Бир жолу айылга барып калдык. Балдар менен кошо рогатка атып жүргөн. Бир маалда карасам эле аттын жанына туруп алып аны тарсылдатып атып жатат. “Кызым, аны менен чымчык атат” десем, “чымчыкты атсам, тийбей жатпайбы...” дейт.
Чолпон Сүйүнбаева
star@super.kg