"Жаңы Агымдын" башкы редактору
Аскер эжеге оригиналдуу белек.
Отко салса күйбөгөн, сууга салса чөкпөгөн журналисттик кесиптин күнгөй-тескейин жон териси менен сезген адам гана билсе керек. Кесиптик “солидарность” дейбизби же тилектештик дейбизби, айтор, жакшы тилек менен “Жаңы Агым” гезитинин 10 жылдык мааракесине катышып кайттык. Гезиттин башкы редактору Аскер Сакыбаева айтмакчы, муну журналисттердин расмий чайлашуусу эмес, агынан жарыла сырдашуусу болду десек жаңылышпайбыз. Албетте, мааракеде бир кезде журналистикада дың бузган “Асаба” гезити тууралуу айтуу мыйзам ченемдүү көрүнүш болсо керек.
Курчтугу менен оозго алынган «Асаба» кийин «Агымга» айланып, экинчи төңкөрүштөн соң “Жаңы Агым” ысымын албады беле. “Ажал алдында баарыбыз бирдейбиз, бирок адамдар арасында алдыңкы болуу жакшыраак” деп өзү интервьюларында айтып кеткендей, Мелис Эшимкановдун замандаштары, шакирттери анын адамдык тагдырын, мүнөзүн, иш билгилигин кечеде көп эскеришти. Жакын арада журналисттер арасында Мелис Эшимканов атындагы сыйлык жана Мелис Эшимканов атындагы футболдук мелдеш уюшула турганы тууралуу сөздөр да айтылды. Мындан тышкары «Дем» театрынын жигиттеринин тамашаларына, ырчы-чоорчулардын өнөрлөрүнө күбө болдук.
Ошентип, “Жаңы Агымдын” агымы жайлабасын, калеми курчуй берсин деген тилектер менен тарадык.
Нуржамал Жийдебаева
star@super.kg