Өзгөчө бийи менен дүйнө элдерин четинен багындырып келе жаткан Атай Словакиянын борбору – Братиславада өткөн “Чехия-Словакияда таланттар бар” сынагын жеңип, 100 000 евронун ээси болуп кайтты. Биз да Атайды гүлдесте, кучак толо кубаныч менен тосуп алдык.
– Атай, кыргыз элиңе дагы бир даңк алып келдиң, куттуктайм!
– Рахмат. Бул долбоорго жайдан бери эле катышып жүрөм. Өзүңүздөр билгендей, жайында 1-турга катышып келгем. Сынакка досум Милан чакырган болчу. Ошол досум 1-турдан финалга чейин жардам берди. 1-турда кыргыз бийине окшоштуруп бийледим. Бирок ушул жактан казак музыкасын алдым, анткени мага ылайык келген кыргызча заманбап музыка таппай койгон элем. Ал эми жарым финалда калыстар өздөрү “Валлини” бийле” деп суранып туруп алышты. Финалга жаңы бий тартуулаганга убакыт тар болуп калгандыктан, “Периште менен шайтан” деген бийимди кичине өзгөртүп бийлеп чыктым. Чынын айтканда, көрүүчүлөр тура калып кол чаап, аябай колдоо көрсөтүштү.
– “Лас-Вегаска чехтердин атынан сахнага чыгуудан баш тартты” деген маалыматтар тарап жатат...
– Негизи, бул сынактан уткан адам Лас-Вегаска жолдомо алып, ал жактан өзүнүн талантын көрсөтмөк. Эгер Чехиянын атынан талантымды тартуулай турган болсом, Лас-Вегаска баруудан баш тартам. Мен кыргыз элимдин атынан гана сахнага чыгам.
– Байгеңди эмнеге коротууну пландап койдуң?
– Албетте, байгемдин 70 пайызын апама берем. Ал эми калганын бий үйрөтүп жаткан балдарга жумшайм. Алар да учурда чет жерлерден сынактарга чакырууларды алып жатышат.
– Бул сынактан кийин Голливуддун бир белгилүү продюсеринин сунушунан баш тартыптырсың...
– Ооба, сунуш түштү, атүгүл мени Леди Гагадай дүйнөлүк деңгээлге чыгарам деди. Бирок мен башынан эле айтып келе жатпаймынбы, бийди таштайм деп. Эми өзүмдүн бардык энергиямды бизнес иштерине арнайм.
Бахияна Сатылганова