Таң болсо таң, түн болсо түн баарыбыздын маанайыбызды көтөрүп, көңүлүбүзгө күн жаадырган ди-джейлер – элдин сыймыгы. Радио ааламына дагы бир жаңы жүз кошулду. Өлкөнүн төрт бурчунда жаңырган “Кыргызстан Обондорунун” ди-джейлеринин катарын 20 жаштагы Улук Сапаров аттуу жигит толуктады. Эфирге чыкканына эки күн болбой жатып эле угармандардан көптөгөн жакшы сөздөр айтыла баштаптыр.
“Кичинемден эле ырдап, шоу-бизнеске кызыгам. “Кыргызстан Обондору” кастинг жарыялап жаткандыгын укканда жакындарым катышып көрүүнү сунушташты. Катышып, өтүп кеттим. Бир ай радиого келип бул иштерди үйрөнүп, тажрыйба топтоп жүрдүм. Азыр кечки жаңылыктарды окуп жатам. Ушул ишембиден баштап “Ыр дүкөндү” алып бармай болуп турам”,- дейт жаш ди-джей.
Улук Финансы техникумун бүтүргөн жана КУУнун экономика факультетинде сырттан окуйт. Эмесе, Улукка ийгилик каалайбыз.