Бир бүркүм... АЛА КИЙИЗ МЕНЕН ШЫРДАК ЮНЕСКОГО КИРГИЗИЛЕТ...

  • “Роза Отунбаевага “Кыргыз Эл Баатыры” деген наам беришибиз керек”,- дешет “7-апрель” кыймылынын жана аксакалдар кеңешинин өкүлдөрү.
  • Быйылкы ажылык сапардын жүрүшүндө 5 кыргызстандык жаран каза болгонун муфтий Чубак ажы Жалилов билдирди.
  • Жакындан бери Ош шаарында жаратылыш газынын, электр энергиясынын өчүрүлүшү жана жолдордун күтүүсүз жабылышы сыяктуу маалыматтар жергиликтүү жашоочуларга СМС аркылуу алдын ала билдирилүүдө.
  • Ош шаарындагы Сулайман тоого түнкү чырактарды орнотуу иштери каралууда. Анын үстүнө ыйык жерде кылмыш көп болуп жатканы айтылып, мындан ары тоого таңкы саат 6дан кечки саат 8ге чейин гана чыгууга болору кабарланды.
  • 24-ноябрь күнү УКМКнын кызматкерлери тарабынан Түп райондук Ички иштер бөлүмүнүн участкалык инспектору 5 миң сом жана 1 кой пара алып жаткан жеринен кармалды.
  • Мамлекеттик Курманжан датка орденинин үлгүсүн тандоо боюнча республикалык сынак жарыяланды. Жеңүүчүгө 45 миң сом өлчөмүндөгү сыйлык берилет.
  • КМШ өлкө башчыларынын кеңешинин чечими менен Калкты социалдык жактан коргоо министри Айгүл Рыскулова КМШнын бекемделишине жана өнүгүшүнө зор салым кошкондугу үчүн КМШнын Ардак грамотасы менен сыйланды.
  • 29-ноябрда түндө Талас шаарында “Азаттык” радиосунун кызматкери Мирбек Айтикеевди белгисиз бирөөлөр сабап кетишип, учурда ал шаардык оорукананын травматология бөлүмүндө дарыланып жатат.
  • Маданияттын эмгек сиңирген ишмери Жеңишгүл Өзүбекованын айтымында, кыргыздын ала кийизи менен шырдагы ЮНЕСКОнун мурастар тизмесине киргизилет.
  • Кореялык “Хундай Груп” компаниясы Кыргызстандын рыногуна кирерин Алмазбек Атамбаев билдирди.
  • Бишкекте Жаңы жылга карата өтчү иш-чаралар 15-декабрда баштала турганын Бишкек шаарынын вице-мэри Вячеслав Красиенко айтты.
  • Сузактын Көк-Арт дарыясына узундугу 55 метр болгон жаңы көпүрө курулуп бүттү.
  • Каракол аэропорту 2-декабрда иштеп баштайт. Бул жерден учактар Алматы-Каракол-Алматы каттамы менен жумасына эки жолу абага көтөрүлүп турат.
  • “Кыргыз руху” гезитинин башкы директору Арстанбек Дүйшөмбиев "баңгизатын сатууга тиешеси бар" деп камакка алынды.
  • Роза Отунбаеванын жарлыгына ылайык, Алмазбек Атамбаев жана Өмүрбек Текебаев II даражадагы Манас ордени менен сыйланышты.
  • Ош шаарында “Келечек мекени” коомдук фонду уюштурган “Сүрөттөр жаш балдардын көзү менен” аттуу долбоор старт алды. Ага ылайык, мүмкүнчүлүгү чектелген 30дай балага сүрөт тартуунун ыкмалары тууралуу окуу өткөрүлүп жатат.
  • Кыргызстанда абакта отургандардын 14 пайызга жакыны ВИЧ/СПИД илдеттерине чалдыгышканын АКШ өкмөтүнүн Глобалдык фонд менен өз ара аракеттенүү боюнча башкы адиси Дамира Байбосунова билдирди.

Турдугүл Каримова
Автандил Добулбеков
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 474, 2-8-декабрь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан