Кайсы жерде болбосун көздөрүн жымыңдатып, тамашалай сүйлөп, анан да илхамы келип калса, эч кимди көзгө илбей жаңырта ырдап жибермей адаты бар Султандын. Кыргызымдын мукам үндүү ырчыларынын сап башында турган Султан Садыралиев бул саныбыздын маек төрүндө.
– Салам, Султан. “Жылдын супер ырчы мырзасы” жана “Жылдын супер клиби” номинациялары боюнча жеңишке ат салышып жатасың. Чынын айтчы, өзүңө-өзүң добуш бердиңби?
– Чынын айтайынбы? Мен өзүмө-өзүм добуш бермек тургай, компьютерди колдонгонду билбейм. Ал эмес, флешка деген нерсени колдонууну эми араң үйрөнө баштадым. Билбейм, негизи, техникага кызыгуум жок. Азыр көпчүлүк колу бош болсо эле интернетте отурушат го. Ал эми мен колум бошой калса эле комуз, домбра, гитара чертүүгө киришем.
– Күйөрман катары “Жылдын мыкты ырчысына” кимге добуш берет элең?
– Эми ар биринин, мисалы, Арсендин өзүнчө, Омардын да өзүнчө “изюминкасы” бар.
– Анда өзүнө-өзү добуш берип, чуркагандарга кандай карайсың?
– Андайларга туура эмес көз караштамын. Көп эле байкайм, кандайдыр бир сынактарда бир эле телефондон миң СМС-билдирүү жөнөтүп жүргөндөрдү. “Эл – тараза, эл – сынчы” деген сөз бар го, мен ошого көп таянам.
– Керсейип коймой адатың бар. Ошол сапатың чыгармачылыгыңа тоскоолдуктарды жаратат болуш керек...
– Мага бой көтөргөн адамга беш жолу керсейип коюшум мүмкүн. Эми атын атабай эле коёюн, тиги радионун жетекчилиги деп. Алар “тиги тойго менин атымдан ырдап кой” деген учурлар болот. Ошол маалда бара албай калсам эле, чыгармачылыгыма бут тосула баштайт. Кээ бирлерге окшоп “связь” издегендерден эмесмин. Жашырганда эмне, КТРКга бир топтон бери чыкпай калдым. Себеп дегенде мага акырын эшикти жабышты, мен да тыкылдатып барган жокмун. Эмнеге тыкылдатмак элем, эл бар. Эгер элге менин ырларым керек болсо, кайдан болсо да таап алышат.
– Азыр ырчылар көп. Жаңы чыгып келе жаткандар жөнүндө оюң кандай?
– Бизди улуу муундагылар “булар лампочка, жанат, анан өчөт” деп көп айтышчу. Ошого эле тырышып жүрөм, жансам да өчпөйүн деп. Азыр ырчылар чындыгында көбөйдү. Теледен кээ бирин көрүп, ырдап чыкпай эле койсо ушундан көрө деп кейий берем. Бирок арасында жакшылары да бар.
– Эл арасында “Султандын ырлары жүрөккө жетпей жатат” деген кеп айтылып жүрөт. Буга эмне себеп?
– Мунун бир гана себеби бар. Султан жалкоо болуп кетти. Аны мойнума алам. Акыркы учурда жан дүйнөмдү көп “критикалап” калдым. Ыр жазам. Эртеси уксам, жакпай калат. Айтып коюшат го, “25ке чыкканча үйлөнүп ал, андан кийин кыз тандап каласың” деп. Чыгармачылык деле ошондой экен. Акыркы “Карындашым” деген ырды жазганыма 6 айдан ашып кетти. Мурда ар бир айда 2-3 ыр жазчумун. Учурда элге ырдап чыга элек 10 чакты ырым бар.
– Муңдуу, зарлаган кайрыктарды ийине жеткире созуп, шаңдуу ырларга келгенде жакшы келиштире албагандай сезилесиң...
– Мунун себеби башынан дастан айтып калгандыктан болуш керек. Анткени дастандардын дээрлик баары муңдуу кайрыктар менен аткарылат эмеспи. Бирок уулум Акмырзага арнап чыгарган “Балама” деген шаңдуу ырым бар. Балам уктабай чыр салып жатканда ушул ырымды ырдасам, бышылдап уктап калат. Мына момундай ал ыр (кыңылдап ырдап кирди):
Кадам таштап алдыга,
Өсө бергин, Акмырза.
Элиңди сүйгөн, жериңди сүйгөн,
Элиңе болгуң мырза.
Балакайым, балам, ай,
Белек кылган Аллам, ай...- деп патриот балдардан болушун күндө тилейм.
– Баса, Акмырза төрөлгөндө төрөт үйүнө аябай “концерт” коюп, ошол жакта иштегендердин оозун ачырыпсың го.
– Ал мындай болгон. Ата болгонумду майрамдап достор чогулду. Жай эмес беле, көк чөптүн үстүнө отуруп алганбыз. Шампан атылды, ичтик. Анан жан дүйнө ачылып, болушунча үн созуп ырдай баштадык. Биз ошентип шаңдуу отурсак, ары жакта бирөөлөр да кыздуу болуп майрамдап жатышыптыр. Анан алар менен кудалашып, чогуу майрамдадык. Түндө төрөт үйүнө киргенге болбойт дегенге карабай кызуулугум менен ызылдап жатып киргем. Анан ары жактан карап турган адамдарга аябай өөн көрүнүш болду да. Ошондон улам ошондой сөздөр чыгып кетсе керек. Негизи, ичкилик сыяктуу жаман адаттардан алыс болгонго аракет кылам. Баламдын келечеги үчүн да андайларга барбайм.
– Эмне себептен уулуңдун сүрөтүн элге көрсөтүүдөн баш тартып жатасың?
– Жубайым аябай эле кызганчаак. Менден өтүп кетет. Уулубуз 1 жашка чыкканча сүрөтүн элге жарыялабайлы деп чечтик. Буюрса, 1 жашка толгондо, 4-майда чоң той берем. Казакстанда эмес, Кыргызстанда. Дегеним, үлпөт тоюмду Казакстандан өткөрбөдүмбү. Ал той ата-энем үчүн гана ошол жакта өттү. Тойдун аягында сөз алып “мен бул жакка тойду казак болоюн деп берген жокмун, болгону, ата-энемден бата алайын дедим” деп айтып салыптырмын. Эмнеге экенин өзүм деле билбейм. Чынында эле үлпөт той менин тоюм эмес. Ата-энемдин баласына өткөргөн тою деп эсептейм. Балам төрөлгөндө апам да “эми Акмырзага жакшынакай казашка алып бериш керек” десе, “койчу, апа, эми гана казак деген аттан кутулуп баратса” деп айтып алып, апамды да таарынттым. Дагы бир жолу айтып кетейинчи мени казак дегендерге, мен кыргыздын патриот жигитимин.
– Балаңдын ырчы болушун каалайсыңбы?
– Мен гитара чертип отурсам, ыйлап жатып эле алдыма келет. Анан мен ырдасам ал да “аа-аа” деп калганда “балам, ушу сен ырчы болбой эле койчу. Бизде ырчылар жыргап жашабайт” дейм. Биздин ырчылардын жашоосу бир топ оор. Мисалы, тойго чакыруу алсам, “момунча бер деп ачык айтам” деп даярданып барам. Бирок “сенин чыгармачылыгыңды сыйлайбыз” деген жылуу сөздөрдү укканда “мынча бер” деп айтканга батына албайм. Бир жолу чөнтөктө болгону 1000 сомум бар болчу, таксиге түшүп жатып көп болсо үйгө чейин 150 сом алса, анан калганына памперс алам деп пландап алгам. Үйгө жеткенде “байке, канча берем?” десем, “көңүлүңөн чыкканын бере бер” деди. Бүкүлү 1000 сомду сунуп, кайрымжысын берет деп турсам, “ой, рахмат, мен бүгүн иштебейм, балдарга таттуу алып үйгө кетем” деп бата бере салды.
– Үйгө кирсең Асел памперс кана деди анан?
– Ооба да. Айттым “эртең деле той чыгып калар” деп.
– Жаңы үйлөнгөн кезде ысык болуп, жубайыңдын анча-мынча кемчиликтери көзгө көрүнбөйт го. Эми Аселдин сен билбеген сапаттары чыгып жатса керек...
– Тескерисинче, биздин жашообуз алгач 4-5 ай ачуу болду. Кызганычтар көп болду. Асел менин жашоомо көнө албай кыйналды. Азыр эми ысык болуп кеттик. Кудайга шүгүр.
– Ошол таарынычтардын көбү кыз жандуулугуңдан келип чыкса керек, ээ?
– Менин көзүм жанып турат да. Келинчегим да “кыз көргөндө көзүң жанып чыгат” деп айтат. Кыз жандуу болгонумду тана албайм. Болгон, учурунда өзүмдөн улуу айымдар менен сүйлөшкөн учур. Балким, Аселге жолукпаганымда дагы деле ошондой болуп жүрө бермекмин. Үй-бүлөлүү болгондон кийин жан дүйнөң тазаланып, тынч алат экен.
– Жан дүйнөң кирдебесин, ийгилик сага!
Бахияна Сатылганова
star@super.kg