Бегимай Эсенгулова: «ЭСЕНГУЛОВА ЭМЕС, ЭМИ АСЫЛБЕКОВАМЫН»

Куш боо бек болсун!

“Быйыл сөзсүз күйөөгө тием” деген ырчы Бегимай Эсенгулова сөзүнө туруп, быйыл чын эле турмушка чыкты. Күйөө бала алгач Бегимайды ырым-жырымын кылып Бишкектен Алматыга алып кетти. Бал айын Кытайдан өткөрүп келгенден кийин Алматы шаарында заманбап тоюн өткөрүштү. Ырчы кызыбыз Бегимайдын үй-бүлөлүк жашоосу кандай уланып жаткандыгына кызыгып турсаңыз, өзү менен интернет аркылуу байланышып, маектештик.

– Бегимай, саламатсыңбы?
– Сонун. Чоң рахмат.
– Куш бооң бек болсун! Үй-бүлөлүк жашоо кандай экен?
– Албетте, жакшы. Күнүгө жолдошум экөөбүз чогуу тамак жеп, чогуу телевизор көрүп, чогуу жумуштарды кылып, киного барып, бири-бирибизге кам көрүп дегендей. Баары жакшы.
– Казак жергесине көнүп калдыңбы?
– Башында бул жакта тааныштарым жок, бир аз кыйналдым. Апамды, досторумду, силерди сагынып жүрдүм. Азыр көнүп калдым. Курбуларым конокко келип турушат. Апам менен күнүгө интернет аркылуу сүйлөшөбүз.
– Бал айы кандай өттү? Кытайдын кайсы шаарларында болдуңар?
– Бал айы унутулгус өттү. Хайнань аралына бардык. Жолдон Циндао шаарына токтоп, андан Шанхайга учтук. Ал жакта жолдошумдун достору жашагандыктан, алардын үйүндө конок болдук. Ошентип, биз көксөгөн аралга да жеттик. Ар бир шаардан көп кызыктуу жерлерге бардык. Мен үчүн кызыктуу туюлганы, Кытайда жөө адамдарга жол берилбейт экен. Жолдун аркы бетине өткөндөн коркосуң. Бизде өткөрбөсөң айып төлөйсүң го. Ал жакта тескерисинче экен. Ушул нерсе мени таң калтырды.
Жолдошум бир орунда отурганды жаман көрөт. Андыктан көп кыдырып, кызыктуу жерлерге бардык. Менин эсимде калган сонун окуя мындай болду. Аралга барганда бизди аэропорттон жеке гид – кытай жигит тосуп алды, колунда мага арналган 50 роза менен. Анан мейманканага барганда номердин ичинин бардык жеринде роза гүлүнүн желекчелери себилиптир. Көрүп, өзүмдү кинодогу актрисалардай сезип кеттим. Көрсө, жолдошум баарын уюштуруп коюптур. Абдан жагымдуу сюрприз болду.
– Үй-бүлөлүк жашоодо кандай кызыктуу окуялар болуп жатат?
– Кызыктуу окуялар көп эле. Экөөбүз эле жашагандыктан, жолугушууларга барып турабыз. Мен кечинде жасанып, “аяй” көйнөгүмдү кийип даярданып турам. Руслан жумушунан кийин үйдүн жанына келип мага телефон чалат, “чыгыңыз, мен келдим” деп. Анан экөөбүз тең кино көргөндү жактыргандыктан, кинотеатрга барабыз, боулинг, стол үстүндө хоккей ойнойбуз. Айтор, кыз-жигит болуп жүргөн убактардай эле кызыктуу күндөрдү өткөрүп жатабыз. Эгер менден “бактылуусуңбу?” деп сурасаңыздар, ойлонбой туруп “албетте, бактылуумун” деп жооп бермекмин. Бардык кыргыз кыздарына ушундай бакытты каалайм.
– Ырчылыкты таштайсың­бы?
– Убакыт көрсөтөт.
– Бегимай Асылбекова деп турат го. Асылбекова болуп алдыңбы?
– Ооба. Фамилиямды өзгөрткөм. Анткени жарандык алганга, балдардын фамилияларын каттоодо оңой болот да. Бир айдан кийин Казакстандын жарандыгын алам.
– Маегиңе рахмат. Дайыма ушундай маанайда жашагыла.
– Сиздерге да рахмат.

Перизат Музуратбекова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (53)
Kg.girl
2011-12-22 06:51:01
Baktyluu bolgula ! Karmawkan kolunar uzulbosun :)
0
asman2000
2011-12-22 15:47:10
Каракыз бактылуу бол!
0
Gold_kg
2011-12-22 16:22:43
Мен каршы деле эмесмин казак кыргыз бир тууган деп коетго бактылуу болушсун!Тажик Озбектерге деле канчасы турмушка чыгып жатат ошолорго 100%каршымын!Сонун болуптур коз тийбесин!Жигиттер келгиле тартырып журо бербейличи.
0
wau
2011-12-22 22:15:34
анан эмне кылсын? биздин мамлекетте чондор гана чоп жеп жатса,ал да ошолордрй эле чоп жегиси келди да.
0
nazgul.83
2011-12-23 01:40:55
ооо кандай бактылуу адамдар туболук бир болгула
0
mama_6365
2011-12-23 11:31:41
Бактылуу бол менин да жигитим меден 13 жаш уулу биз дагы буюрса уйлонолу дкп турабыз!
0
keneshkan
2011-12-23 12:09:00
Аллахым бакыт берсин!
0
demid000
2011-12-23 13:50:21
Бактылуу бол Бегимай! бизди унутпай келип тур.
0
beka-9009
2011-12-23 14:45:25
jazi аны чындап суйдунбу акчасына кызыктынбы бир озун менен аллач билет кыргызымдын намыстуу жигиттери турганда аны башына тартасынбы жантай чалдай кылып сенин жанынжа атандай корунот
0
beka-9009
2011-12-23 14:47:48
не анын афтаматы жакшы иштейт бекен
0
Regenbogen
2011-12-23 14:52:59
baktyluu bol kone4no, birok menin ojum4a Begimaj bajlygyna karap ele tijiop algandaj anan dagy bir nersen jakkan jok: wawyp jarandyk alam degeni,birok menin iwim kan4a baktyluu boluwsun
0
Jyide
2011-12-24 01:29:18
Илгертеден эле казак-кыргыз бир тууган болуп кыз алышып,кыз беришип жүргөн.Элдин оозу элек ар ким ар нерсени сүйлөй берет.Бактылуу болгула
0
splat
2011-12-29 23:32:20
Бегимай 1 эле жубайы бекен. Же бироонунн бактысын аттадыбы? Же куйоо бала 13 жыл Б.Эсегулованы кутуп журдубу? Бир суротундо куйоосунун 1 аялынан кызы го ээ?
0
beksultan-kg
2012-01-01 17:59:51
акчага азгырылган кыргыз кызы-бул Бегимай
0
Ritabtanur
2012-03-23 23:01:35
кудайга шугур.негирге корейага кетип жатышат го,ага караганда казак улутуна тийгени жакшы,казак кыргыз бир туган дегендей,бактылуу болгула
0
№ 476, 16-22-декабрь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан