ФОБИЯҢЫЗ ЭМНЕ?

Фобия гректин “фобос” – “коркуу” деген сөзүнөн келип чыккан. Коркуу сезими, чындыгында, ар бирибизде бар. Бирок кээ бирлерибизде бул сезим күчтүүрөөк десе болчудай. Төмөндө элибизге белгилүү инсандардын фобиялары туурасында сөз кылмакчыбыз.

Шайлообек Дүйшеев, Кыргыз Эл акыны:
“МЕН ТҮШКӨН УЧАК ЖАРЫЛЫП КЕТЧҮДӨЙ СЕЗИЛЕ БЕРЕТ”
– Учакта учуу – менин фобиям. Ушунчалык корком. Бир жолу мени Владивостокко Жаш акындар союзуна Фрунзеден учак менен жөнөтүштү. Учакта баратып жерди карасаң, астыңда калкыган аппак булуттар, кээде гана жылт этип шаардын оттору көрүнө калат. Анан эле “азыр учак кулап түшсө же жарылып кетсе, сөөгүм сөпөт болот экен да...” деген ой кылт дейт. Мен түшкөн учак эле жарылып кетчүдөй сезилгендиктен, андагы башка адамдарды аяп учакка түшпөйм, бекер алардын убалына калбайын деп.
Бир жолу экс-президентибиз Роза Исаковна Англияда элчи болуп турган кезде “улуу Шекспирдин мекенин көрүп кетсин” деп чакыртып жибериптир. Мен учакка түшкөндөн коркуп барбай койгонмун. Бирок мени келесоо экен деп ойлоп калбасын деп учактан коркконумдан барбай койгондугумду айткан эмесмин.

Жамал Сейдакматова,
Кыргыз Республикасынын Эл артиси:
“ЛИФТ ТОКТОП КАЛЧУДАЙ КОРКОМ”
– Бала кезимде мага жомокту көп айтып беришер эле. Ошондо караңгыда желмогуздун келатканын катуу элестетип алсам керек, караңгылыктан коркуп калгам. Үйдө эч ким жок болсо, жарыктын баарын күйгүзүп алып жатмай адатым бар. Артымда бирөө карап тургансып эле титирей берем. Анан да бир жолу Ереванга кинофестивалга барып калып, ал жакта лифтте камалып калганбыз. Жаныбыздагы бир кишинин эси ооп, мен калтырап-титиреп коркуп, аз болгондо мен да жыгылмакмын, 20 мүнөттөн кийин чыкканбыз. Ошондон бери лифт дагы менин фобиям болуп калган. Жанымда киши болбосо, канчанчы кабатка чейин болсо да жөө эле чыгып кетем. Бирөө менен лифт аркылуу көтөрүлсөм да, качан токтоп калат деп коркуп турам.

Назира Айтбекова, телеалпаруучу:
“ААРЫ ЧАГЫП ӨЛҮП КАЛА ЖАЗДАГАМ”
– Кичинемден астма оорум бар эле. Анан аарыга чактырса жакшы болот экен деп атайын аары менен дарылаган курска бардым. Көрсө, менин астмадан тышкары аарыдан аллергиям бар экен да. Оорум күчөп кетип өлүп кала жаздагам. 7 ай ооруканада жатып араң адам болуп чыккан элем. Ошондон кийин аарыдан аябай корком. Андан тышкары фантазиям күчтүү, жаным таттуу да, лифт менен жыландан да жан алгычтай корком. Айылда жүргөндө “чөптөрдүн арасынан жылан чыга калып чагып алса эмне кылам?..” деп эле элеңдеп карай берем. Түшүмө да көп кирет, чагып алып жанымда жүргөн учурда тердеп-кургап ойгонуп кетем. Апам муну дайыма жакшылыкка жоруп коёт.

Роза Шакирова, ырчы:
“ҮСТҮМДӨН ЧЫЧКАН ЧУРКАП КЕТКЕН”
– Бала кезде бир жолу шоктук кылып коюп, үйдөгүлөрдөн уруш жеп, таарынып бөлмөгө кирип алып чалкалап жатып алгам. Бир жакшы иштебеген кичинекей телевизор бар эле, ошону сайып коюп тиктеп жатсам эле үстүмдөн чычкан жүгүрүп кетсе болобу. Тимеле жүрөгүм түшкөн. Ошондон кийин чычкан менин фобияма айланды да калды.

Исхак Масалиев, саясатчы:
“АТАМДАН КИЙИН ООРУ МЕНИН ФОБИЯМ”
– Оорудан аябай корком. Мунун себеби менин атам сопсоо жүрүп эле бир заматта жүрөк оорусу кармап, о дүйнөгө кете бербедиби. Атамдын ошол акыркы мүнөттөрү эсиме түшкөндө оору адамды эмне кыларын ойлоп, чындыгында, жүрөгүм зырп этип кетет. Андан тышкары жакын адамдарыма зыян келтирүүдөн жана аларды жоготуудан ушунчалык коркуп, жүрөкзаада болуп турам.

Арсен Эралиев, спортчу:
“ЖЫЛАНДАН КОРКУП КЫЙКЫРЫП...”
– 3-4-класста окуп жүргөн кезимде бир жолу үйдө отурсам эле бурчта жылан жатат. Ошондо коркконумдан кыйкырып жибергеним эсимде. Анан байкем аны көсөө менен башынан кыпчып сыртка алып чыккан болчу. Ошондон кийин жыланды көргөндө эле эмес, ойлоп кетсем да денем «зыр-р» дей түшөт.

Гүлназ Бакир кызы, ди-джей:
“СУУГА ЧӨГҮП КЕТЕМ ДЕП КОРКО БЕРЕМ”
– Бала кезимден бассейн дегендерге таптакыр түшүп көргөн эмесмин да. Ошол себептен го, сууга түшкөндөн корком. Суунун тереңдиги мен үчүн фобия. Чөгүп кетип тумчугуп калчудай сезиле берет. Ошол коркуу сезимдерин жеңүүнү каалап, көлгө барганда өзүмдү кыйнап сууга чөмүлүп, көзүмдү ачып суунун түбүн көрүүгө аракет кылам. Бирок баары бир корком. Ошондой эле бийик жерге чыкканда кулап кетчүдөй сезилип, титирей бермейим бар.

Аваз Акимов, ырчы:
“ЖАРДАН КУЛАП ТҮШКӨНДӨ ӨЛДҮМ ГО ДЕП ОЙЛОГОМ”
– Он жаш курагымда болсо керек, айылда балдар менен ойноп жатып 6 метрдей бийиктиктеги жардан кулап түшүп, өзөрүп калып бир топко чейин дем ала албай жаткам. Өлөт деген ушул экен деп ойлогом. Ошондон кийин бийиктиктен жаным чыгат. Азыр деле 4-кабатка чейин чыдашым мүмкүн, 5-кабатка чыкканда жерди карай албай калам.

Чолпон Сүйүнбаева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
operaledi
2011-12-19 17:53:54
Мен дагы бийиктиктен, карангыдан, самолеттон олллорчо корком.
0
kubik
2011-12-19 19:37:13
Кичинемде кышында жылгаяк тебейин деп ботигимди кийип атсам, байпак тыгылып калгансып батпайт. Кайра чечип, байпакты алып салайын деп колумду салып атсам ичинен чычкан секирип чыгып кетсе болобу. Ошондон кийин ботик кийбейм.... кийсем эле дагы баягы чычкан бутуму тиштеп ала тургандай боло берет.
0
ainura220888
2011-12-20 03:32:48
мен иттен аябай крком ит жинин бар деп калышат жакындарым.
0
Juliana
2011-12-20 06:24:00
men jorgomushton ayabay korkom
0
Гулжигит
2011-12-20 11:01:37
Жер титирегенде аябай коркунучтуу да коп кабаттуу уйдо.
0
№ 476, 16-22-декабрь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан