КЫРГЫЗГА КАВКАЗДЫКТАР НЕГЕ КОЛ САЛЫШТЫ?
8-декабрда Москва шаарындагы “Синдика-О” базарында соода кылып жаткан мекендешибиз Бахтияр Абдыкаровго кавказ улутундагы үч адам келип, 200 миң рубль талап кылышкан. Алардын бири Бахтиярды тапанча менен коркутуп, бетине уруп жиберген. Ал соода кылып жаткан кошуналарын чакырганда белгисиз адамдар топтолуп калган адамдар тарапка тапанчадан бир нече жолу ок чыгарып, автоунаага отуруп качып жөнөшкөн.
Сатуучулар жана базардын күзөтчүлөрү кол салгандарды кармоого аракет кылып, бирок алар качып кеткенге үлгүрүшкөн. Кол салгандардын артынан кууп бараткан Улук Иминжанов аттуу мекендешибиз алардын аткан резина огунан жараат алган. Жарааты жеңил болгондуктан, учурда базарда ишин улантып жатат.
ЭКИ ТАКСИСТТИ ӨЛТҮРГӨНДӨР КАРМАЛЫП...
31-октябрда Аламүдүн районуна караштуу Озёрное айылынын жанындагы каналдын жээгинен Бишкек шаарынын 50 жаштагы тургуну А.Кнын киши колдуу болуп өлгөн сөөгү табылган. Иликтөө иштеринин натыйжасында жакында бул кылмышка шектүү делинген адамдардын өздүгү аныкталып, Аламүдүн районунун тургундары 26 жаштагы Б.Н. жана 22 жаштагы О.Р. колго түшүрүлгөн. Маалыматка караганда, алар Бишкекте таксист болуп иштеген А.Кдан жеткирип коюуну суранышып, жолдо өлтүрүп, изин жашырыш үчүн таксисттин сөөгүн Озёрное айылы тарапка алып барып ыргытып салышкан.
Мындан сырткары алардын дагы бир кылмышы билинди. Таксист болуп иштеген Аламүдүн районунун 31 жаштагы А.Л. аттуу тургунун да 24-ноябрда өлтүргөнгө катышышкан. Анын автоунаасы Аска-Таш жаңы конушунан, ал эми денеси 1-декабрда Озёрное айылынын жанындагы көлмөдөн табылган. Аны да жогорудагы сценарий менен өлтүрүшкөн экен. Кармалгандарга Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесинин 2-бөлүгү (алдын ала даярданып, өтө мыкаачылык менен киши өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголуп, булардын шериктерин кармоо жана иликтөө иштери уланууда.
МОСКВАДАГЫ КЫРГЫЗДАРДЫН “СМОТРЯЩИЙИ” КАРМАЛДЫ
Москва шаарында жалаң кыргыз жарандарынан турган кылмыш тобу иштеп келген. Бул тууралуу Орусиянын “Комсомольская правда” гезити 8-декабрдагы санында жазып чыкты. Андагы маалыматка караганда, Орусиянын полиция кызматкерлери бул топтун 28 жаштагы лидерин кармашкан. Ал кылмыш чөйрөсүндө Алмаз деген ат менен таанылып, эл аралык издөөдө жүргөн. Кыргызстандын ИИМи кыз зордуктаганы үчүн ага эл аралык издөө жарыялаган экен.
Ал Орусияда мыйзамсыз жашап, башка бирөөнүн наамындагы документтерди пайдаланып жүргөн. Жашаган жерин, уюлдук телефонунун номерлерин да тез-тезден алмаштырып турган. Кыргыздардан турган кылмыш тобун жетектеп, Москванын тегерегинде каракчылык, тоноо жана киши уурдоо сыяктуу кылмыштарды кылып турушкан.
Сентябрь айынын аягында Алмаз башчылык кылган топ Москва шаарында кыргыз жаранын уурдап кетип, миллион рубль талап кылып кармалган. Сурак учурунда Алмаз Орусиядагы бардык кыргыздардын “смотрящийи” экендигин мойнуна алган. Учурда ал камакка алынган. Ага эми “зордуктоо” беренесинен сырткары орус полициясы “киши уурдоо” жана “жасалма документтерди колдонуу” беренелерин кошмокчу.
ТОНОЙМ ДЕП ТОМУРАҢ КАЛДЫ
Жакында кечки саат 10дор чамасында белгисиз адам Сокулук районунун 26 жаштагы тургунунун үйүнө дубалдан ашып кирип, бычак менен коркутуп, акча жана баалуу буюмдарын талап кылган. Үйдө отурган эки аялдын уюлдук телефондорун алып, бардык бөлмөлөрдү тинтип кирген. Аялдардын бири тоноочуга билдирбей, туугандарына кол салуу болгондугу тууралуу билдирүү жөнөткөнгө үлгүргөн. Убагында жетип келген милиция кызматкерлери каракчыны качып кеткенге үлгүртпөй, кармап калган.
Анын Сокулук районунун 44 жаштагы тургуну экендиги аныкталды. Сокулук РИИБинин тергөө бөлүмү тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 168-беренеси (каракчылык) боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө жүргүзүлүүдө.
ТАМЕКИ ЧЕГҮҮ – ӨМҮРГӨ ЗЫЯН
14-декабрдын түнүндө Бишкек шаарындагы Көк-Жар жаңы конушундагы бир үйдөн өрт чыгып, бир адам каза болгон. ӨКМнын басма сөз кызматынын билдиришинче, өрттүн кесепетинен жыгач пол жана жууркан күйүп кеткен. Өрт болгон жерден Б.Н. аттуу 59 жаштагы үйдүн ээсинин күйүп калган денеси табылган. Өрт мас абалында тамекини этиятсыз чеккендиктен келип чыккан.