Адамды өлтүрүп, көөдөнүн жарып, колу менен жүрөгүн издеп таап сууруп чыгып, чөнтөккө салып алган жырткычтыкты коркунучтуу тасмалардан гана көрчү элек. Эми реалдуу жашообузда күбө болуп отурабыз. Чектен чыккан таш боордукка эмне себеп болгон? Албетте, арак. Бул окуя биздин күндөрдө Өзгөн шаарында болуп өттү.
БЫЧАК САЙЫП, МАЛЧА МУУЗДАГАН
Окуя мындай болуптур. Үстүбүздөгү жылдын 26-ноябрында мурдатан тааныш 32 жаштагы Памир Максымбеков менен 24 жаштагы Токтосун Турдубаев (белгилүү себептерден улам аты-жөндөрү өзгөртүлдү) кезигип калышат. Алар курулушта иштешчү. Эки башка курулуш объектисинде иштегени менен, сүйлөшүп, мамилелеш эле. Дем алыш болгондуктан, алар ар кайсы жакка барып арак ичишет, кечки саат 11лерге чейин. Памир Токтосунду ээрчитип, дагы эки бөтөлкө арак алып, батирине барып ичишмек болушат.
Үйгө келгенден кийин экөө дагы көпкө чейин отуруп ичишет. "Жинди сууга" жакшылап тойгон Памир Токтосунду басмырлап, чучугуна тие турган сөздөр менен тийише баштайт. Ал ушундай адатынан улам бир кызы менен аялын да кетирип жиберген. Майып ата-энесинин сөзүн да укчу эмес. Аялы кеткенден кийин эми ай деген ажо, кой деген кожо болбогон ал ар кайсы жерде жалданып иштеп, селсаяктык жашоо кечирип жүргөн.
Токтосун каяша айтайын дейт, бирок дагы сабап салабы деп коркот. Себеби мындан үч күн мурун андан таяк жеген эле. Чыдамы түгөнгөндө акырын артына өтөт да, аш бычакты алып Памирдин мойнуна эки жолу сайып, “өлбөй калып жүрбөсүн” деп бычакты тамагына такап, мал сойгонсуп мууздап жиберет. Андан кийин жүрөгүн сууруп алууну чечип, көөдөнүн бычак менен жарып, өпкө-боорун ичегилери менен кошо чубап чыга баштайт. Акыры манжалары жүрөккө жетет да, аны сууруп целлофан баштыкка салат. Анан көчөгө чыгып, башы оогон жакка басып жөнөйт.
“МЕН КИШИ ӨЛТҮРДҮМ”
Кайсы бир мекемени кайтарып турган күзөт кызматкерине барат да, “мен киши өлтүрдүм” дейт. “Мас болуп алып жөн эле сүйлөп жатат го” деп турган күзөт кызматкерине “ишенбесең, мына анын жүрөгү” деп чөнтөгүнөн баштыктагы жүрөктү алып чыгып көрсөтөт. Мурда-кийин мындайды көрбөгөн ал коркуп кетип, кызматтын жетекчилигине телефон чалат. Алар келе калышып, Токтосунду милиция бөлүмүнө алып келишет. Нөөмөттө турган оперативдүү топ ошол замат окуя болгон жерге жөнөйт. Памирдин өтө мыкаачылык менен өлтүрүлгөн денесин батирден табышат. Ичи жарылып, ички органдары чубалып жаткан экен.
Өзгөн РИИБинин тергөө бөлүмү Токтосун Турдубаевдин үстүнөн Кылмыш жана жаза кодексинин 97-беренесинин 2-бөлүмүнүн 6-пункту (өзгөчө мыкаачылык менен киши өлтүрүү) менен кылмыш ишин козгоп, ал камакка алынат.
“ЧӨНТӨГҮНӨН ЖҮРӨК АЛЫП ЧЫКТЫ”
“Ак барс-Азия” жеке күзөт агенттигинин кызматкери Карыбек Шамшиев:
– Ошол күнү менин нөөмөтүм келип калып, “Пазилат” деген соода борборду кайтарып тургам. Болжол менен түнкү саат 3-4төрдө 20 жаштардагы жигит келип, “мен киши өлтүрдүм” деди. Алгач ишенбей карап калдым. Ал чөнтөгүнөн баштыкка салынган, каны тамчылап турган нерсени көрсөттү. Мен бул тууралуу күзөт кызматыбыздын башчысына телефон чалып билдирсем, "кетирбей кармап тур" деди. Ал тез эле юристибизди ээрчитип келип калды. Анан аны милицияга алып барып тапшырдык.
“ӨТӨ МЫКААЧЫЛЫК МЕНЕН ӨЛТҮРГӨН”
Бул ишти тергеп жаткан Өзгөн РИИБинин ага тергөөчүсү Абдыкерим Жусупов төмөнкүлөрдү билдирди:
– 2011-жылы 26-ноябрдан 27сине караган түнү Өзгөн шаарындагы батирден Кара-Кулжа районунда 1979-жылы туулган М.Пнын өтө мыкаачылык менен өлтүрүлгөн денеси табылган. Бул кылмышка шектүү делинип Өзгөн районунда 1987-жылы туулган Т.Т. аттуу жаран кармалган.
Сурак учурунда ал мас абалында М.Пнын мойнуна эки жолу бычак сайып, андан кийин мууздап өлтүргөнүн айтып берди. Мууздагандан кийин М.Пнын ичин жарып, жүрөгүн алыш үчүн ички органдарын чубап чыккан. “Эмнеге андай кылдың?” деген суроого “жүрөгүн издеп таап, сууруп алайын деген элем” деп жооп берген.
Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы азырынча чыга элек. Андыктан Т.Тнын психикалык жактан оорулуу же соо экенин айта албайм. Ал мектепти 9-классты аяктаганда эле таштап койгон экен. Үй-бүлөдө 3 кыздын ортосунда жалгыз эркек. Ата-энесине “эми мен иштеп акча таап, силерди багам” деп райондун борборуна келип, устачылык кылып жүргөнүн билдик. Учурда кылмышка шектүү деп кармалган Т.Т. Ош ОИИБинин СИЗОсунда.
Атың өчкүр арактын айынан канчалаган өмүрлөр талкаланып, канчалаган көз жаштар акпады? Бул сапар да ичкиликтин айынан бир адам өмүрү менен коштошсо, экинчиси эркиндиги менен коштошту. “Ачуу – душман, акыл – дос” деп коёт эмеспи кеменгер элибиз. Кандай болгон учурда да өзүбүздү ачууга алдырбай, сабырдуулукка да орун берсек.
Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg