Катя Линин Volvo C 30 үлгүсүндөгү машинасы жүк ташуучу машина менен сүзүшүп кетип, автокырсыкка кабылды. Бактыга жараша, эки унаанын айдоочулары жаракат алышпаптыр. Бирок Катя өзү аман калганына сүйүнөт. Темир тулпарынын талкаланганына кейибейт деле, жөө калдым деп. Анткени ал Саша Савельева менен коңшу жашайт экен. «Концерттерге Саша менен барып келе берем» деп өзүн жооткотуп отурат.