Ар бир кыш сайын Төө-Ашууга барып кафеде администратор болуп иштеп келип жүргөн ырчы Жанэл бул жолу да каражат топтогону Төө-Ашууга кетти. Бул ишине аттанарда Кореядан сунуш түшкөн экен, кафеде ырдоо тууралуу. «Кореяга кетип калсамбы деп, кайра «чет жерде кафеде ырдаганга тажрыйбам жок да» деп кала бердим. Андан көрө көнүп калган ишимди эле тандадым»,- дейт Жанэл.