kuba_kg деген ат менен биздин сайтка катталган жигит «Кумар – гей. Менин досум менен болгон. Моюнуна коюп берем. Бул менин номерим: 892460619ХХ. Чалгыла, ишенбесеңер» деп кат жазган болчу. Анын катына Кумар Асанов «ушак» деп жооп берген. Анан да Кумар Асанов менен продюсери ал номерге чалып, билдирүүнү жөнөткөн адамды издей башташкан эле. «Кумардын атын булгагысы келген ал жигит табылып, өзү гана эмес, апасы да кошо кечирим сурады. Ал Орусияда жашаган кыргыз бала экен. Айткандарын тастыктап берүүсүн талап кылганыбызда жөн эле жазып койгондугун айтып актанды» деп билдирди Кумар, эл көзүндөгү адамдарга ар кандай кеп жабыша берерин дагы бир жолу далилдеп.