Обончу жана аткаруучу Абдыманап Төрөбеков агайыбыз 55 жашта. Абдыманап агайдын «Бир келип кетчи Ош жакка», «5-б класс» деген ырларын ким билбейт? Өнөр ээси өзүнүн 55 жылдык мааракесине карата Кыргыз улуттук академиялык драма театрында 21-декабрь күнү чыгармачылык концертин тартуулайт. Концертти Бек Борбиев баштаган Рахман Разыков сыяктуу ырчы-куудул сахналаштары коштойт.