Бул ирет белгилүү адамдардын жан дүйнөсүн балкытып, эсте калган сезимдерине кызыгып, сурап көрдүк. Алар мындайча эскеришти.
Санжар Бердибеков, куудул:
“ӨБҮШҮП ДА ЖАТАМ, АЛДЫМАН МЫК ДА ӨТҮП ЖАТАТ...”
– 20 жашта болчумун. “Ош базарындагы” кафеде иштеген бир кыз менен жаңы эле таанышкам. Ошол күнү дагы ошого бардым (ал кыз азыр менин келинчегим). Жумушу бүткөндө үйүнө жеткирип барып, эшик алдында отургуч бар экен, отура кеттик. Аны болбой эле алдыма отургузуп алдым. Алгач байкабаган экем, отургучтун чыгып калган мыгы жамбашыма өтө баштады. Кызды кучактап отурганга бир жагынан ушундай жагымдуу болуп жатат, бир жагынан мык өтүп жатат. "Арыраак отуралычы" деп же ага айта албайм. Ошентип, 1 саат чыдап отурдум.
Өлө албай жатып, “качан өбүшөбүз?” десем, “3 жылдан кийин” дейт. Мен болбой эле “анда 3 сааттан кийин өбүшпөйлүбү? 3 мүнөттөн кийинчи? Койчу, 3 секунддан кийин эле өбүшөлүчү?..” деп ажыкызданып жатып, бекем кысып өпкүлөй баштадым.
Ошондо денем ысып, кыздын жагымдуу жыты мени ого бетер делөөрүтүп, денем балкып чыкты. Түндө уктай албай, улам өбүшкүм келип, эртесине чейин араң чыдагам. Мына эми 13 жылдан бери келинчегим экөөбүз өбүшүп келе жатабыз.
Жанэл, ырчы:
“БЕТИ ДА, ЭРИНИ ДА ЫСЫК ЭКЕН”
– Көлдө эс алуу борборлорунун бириндеги ресторанда иштеп жаткан кезим. 2006-жыл. Казакстандан эс алуу менен кошо дарыланганы келген бир казак бала мени жакшы көрүп калды. Менден үч жаш кичүү. Күндө мен иштеген ресторандын алдына келип отура берет, айланып жүрө берет. Мен болсом “келбе” деп урушуп, тилдейм. Ага да болбойт, “жакшы көрсөм эмне кылайын?” деп. Анан анын кайтар кези болуп калды. Ошондо коштошуп жатып, тимеле ботодой боздойт, “өмүрүмдө биринчи жолу бирөөнү жакшы көрдүм. Ал – сен. А сен мени түшүнбөй койдуң” деп. Анан “кел, жок дегенде бетиңден бир өөп коёюн” деди. Эми кетип жатканда мейличи деп бетимди тостум. Ошондо көзүмө телмире тиктеп, анан кыса кучактап, өөп-өөп алды... Бети да, эрини да абдан ысык экен. Мен да кызыктай болуп, денем жымырап кетти.
Бир жума анын ыйлаганы эсимден кетпей, боорум ооруп жүрдү. Ошондо мени чындап жакшы көргөнүн түшүндүм.
Мүзүр, “Кеңеш” тобунун жетекчиси:
“ТУУЛГАН КҮНДӨ СҮЙҮҮГӨ МАС БОЛГОМ”
– Эстесем, чындап эсте калган өбүшүүм, кучакташуум келинчегим менен болгон экен. Анда мен кафеде иштеп жүргөн кезим. Аны менен таанышканыма аз эле болгон. Аңгыча анын туулган күнү келип калды. Туулган күнүн бир айылга алпарып өткөрүп бердим. Анан бөлмөдө эл аз калганда колуна күмүш шакек салып, мойнунан жыттап, бекем кучактап, өөп алдым. Жүрөгүм дүкүлдөп, көзүм ымыр-чымыр боло түштү. Ал да мага ыктай түштү эле, кучагыма бекем кысып, узакка жыргап тура бердим...
Азыр да чарчап же кыйналып турганда же эркелегим келгенде жубайым Гүлмираны узакка кысып-кысып кучактап алам.
Канымжан Усупбекова
star@super.kg