КАЗАКТАРГА СҮТ САТУУНУ УЛАНТАБЫЗ

Айыл чарба министри Төрөгул Беков бир айдан бери “биздин сүт азыктарыбызды Казакстан өз аймагына киргизбей жатат” деп зар какшап келген. Министрдин жолу болбой, канча ирет сүйлөшүү болсо да, казак туугандар маселени чечип бербей жатышкан. Акыр аягы министр бул маселени кезектеги өкмөттүн жыйынында көтөрүп, премьер-министрдин милдетин аткаруучу Өмүрбек Бабанов өзү ишти колго алмай болгон. Көп өтпөй Өмүрбек мырза казакстандык кесиптеши Карим Масимов менен байланышып, бир канча экономикалык маселелер менен катар сүт азыктарын экспорттоо боюнча сүйлөшүү жүргүздү. Бул сүйлөшүүдөн кийинки эле күнү Казакстан 2011-жылдын 19-октябрында жарыяланган сүт азыктары боюнча мораторийди алып салды. “Бул Карим Масимовдун эмгегинин үзүрү. Ал кийлигишпесе, маселе мынчалык кыска убакыттын ичинде чечилмек эмес”,- дейт Бабанов.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Kyrgyzcha
2011-12-19 13:10:05
uwul baike jakwy iwtep jatat. Myktylardyn myktysygo. Iwterine iigilik.
0
adel.
2011-12-22 18:56:42
ayavai jaktyram omurbek babanovdu....simpotyagaaaaaa))))
0
№ 476, 16-22-декабрь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан