Адам баласы кесиптик жаатта өз жолун тапканда гана өзүн бактылуу сезет экен. Бирөөлөр куруучу болгонуна, дагы бири саясатчы болгонуна кубанат. “Музыкант болуп, өз кесибимди туура тапканым үчүн бактылуумун” деген элибиздин белгилүү музыканты, 54 аспапта кол ойноткон Курмангазы Азыкбаев бизде конокто.
«АТА-ЭНЕМ ТӨРТӨӨБҮЗДҮ ТЕҢ БАГЫП АЛЫШКАН»
– Мен келе жаткан жылдын февраль айында 50 жашка чыгам. Кичине кезимде билем, үйдө бир кара сандык бар эле, апам жарыктык мага төшөктү ошол сандыктын үстүнө салып берчү. Анан баш жагымда бир кара радио турчу, эртең менен алгач гимн жаңырып, анын артынан эле кыргыз күүлөрүн берчү. Ошол күү менен ойгонуп, аны угуп жатып кайра уктап кетчүмүн. Ушунчалык мээге сиңип, терең ойлорго батып, музыканын кереметин ошондо эле түшүнө баштагам.
Кийинчерээк комуз үйрөнүп алып, эртеден кечке күзгүнүн алдына туруп, “Кара-Шоро, кенен жайлоо...” деп ырдап, өзүмө өзүм кол чаап жыргай берчүмүн. Анан жаштар арасында гитара модага айланып, үйдүн жанында жайгашкан аскердик өрт өчүрүүчү бөлүгүндөгү аскерлерден аны үйрөнүп алдым. Мен үйдө эң улуусу болгондуктан, атам өзү кайда барса, мени жанына ээрчитип жүрөр эле. Айылдын бардык түйшүгүн баштан өткөрдүм. Сакманчы болдум, чабандын жардамчысы болдум, талаада иштедим дегендей.
Атам өзү уста, санжырачы киши болчу. Кыргыздын нарк-насили менен бизди тарбиялады. Биз 4 бир тууганбыз. Ата-энем балалуу боло албагандыктан, төртөөбүздү тең багып алышкан. Бирок алыстан эмес, өзүнүн эле бир туугандарынан. Мисалы, мен апамдын инисинин баласы болсом, калгандары жакын сиңдилеринин балдары экен. Апам жакында эле дүйнө салып кетти, кыркылыгын өткөрдүк.
Мүнөзүмдөгү өтө шок, тентектигим бала кезимдегидей эле кала берди. Азыр деле ачуум бат келгендиктен, жиниме тийген адам өзүмдөн канча эсе чоң болсо да мушташа кетем. Таяк жеп калсам, артынан барып мушташам. Жеңмейинче асыла бермейим бар.
«КОРОЗ» ДЕГЕН АТКА ДА КОНГОМ»
– Бала кезимден эле музыкант болууну кыялданчумун. Аскерден келип, Күрөңкеев атындагы окуу жайынын флейта классына тапшырдым. Анан студент болгондон кийин курсакты тойгузуш керек да, ошол окуу жайга кароолчу болуп ишке орноштум. Кароолчу болгон соң ал жактагы бардык музыкалык класстардын ачкычы менде болот. Түнү менен кирип алып, инструменттердин ар бирин өз алдынча үйрөнө баштадым.
4 жылдын ичинде музыкалык билимимди башка курсташтарымдан алда канча тереңдетип алдым. Жатаканада түндө бир оокумда жатып, эртең менен саат 6да аспаптарда ойноп отуруп калчумун. Анан кээлери “уктатпайт” деп жини келсе, кээлери эрте ойготконум үчүн рахматын атышчу. Мени жатаканадагылар “короз” деп коюшар эле ошол кезде. Ошентип жүрүп жалаң окуу менен студенттик күндөр да өттү. Күнүнө 12 саат музыка менен машыгып, ушул деңгээлге жетип отурам.
«ҮЧ НЕБЕРЕНИН ЧОҢ АТАСЫМЫН»
– 26 жашымда Москвадан келип, “Мүрөк” деген ансамбль ачып иштеп жүргөнүмдө “Гүлдесте” ансамблинин ырчысы, азыркы жубайым Зина менен таанышып калдым. Ортобузду арзуу аралап, экөөбүз баш кошконбуз. Ошол жылдары Гүлшат деген карындашым дайынсыз жоголуп, анын Айзада жана Тимур деген эки баласын багып алдык. Бир жылдан кийин Нургазы төрөлдү. Учурда 6 баланын атасымын. Айзада менен Нургазы турмуш курушуп, 3 неберелүү кылышты. Тимурду жакында эле үйлөнттүм. Кызым Нурайымды да турмушка берип, ичимдин ачышканын алигиче унута албай турган кезим. Эстеп кеткен учурда көзүмө жаш алам. Анын үстүнө Нурайым үйдөбү, иштеби, менин оң колум эле да. Башкысы, бактылуу болсо болгону. Балдарыма дайыма жакшы тартбия берүү туурасында көп ойлоном. Бул жаатта үлгү болгондон ашкан тарбия жок экенине көзүм жетти. Миң айткандан көрө ишиң менен көргөзгөнүң оң.
«АРМАНЫМ АТТЫН БАШЫНДАЙ»
– Негизи, кыргыздын улуттук музыкасы учурда мышык ыйлагыдай абалга келип турат. Бала бакчалардан баштап, керек болсо кош бойлуу келиндерден тарта кыргыздын күүсү менен тарбиялашыбыз керек эле. Себеби адам баласы төрөлгөндө үн чыгарып дүйнөгө келип, өлгөндө үн чыгарып өлөт эмеспи. Андыктан ар кандай үндөрдөн турган музыка менен жашоо уланат. Өмүрүбүз – бүтүндөй музыка. Анын ичинде кыргыздын өзүнүн улуттук күүлөрү кандай сонун! Аны угуп, гармониясын түшүнгөн адам эч убакта жаман ишке барбайт. Элин сүйөт.
Кайсы гана адам болбосун, эң биринчи Кудайды сүйүш керек, андан кийин эле өзүнүн элин. Ата-эне, бала-чака деген элден кийин турат. Элди музыка менен тарбиялоо – абдан чоң жоопкерчилик. Ошол себептен сабатсыз музыканттар азыр эң коркунучтуу. Алар коомду бузуп жатышат. Бетке айткан кептин заары жок.
Азыр Кыргызстанда музыканын “касапчысы” менмин. Алдыман чыккан кайсы гана музыкант болбосун, мага жекеме-жеке чыга албайт. Мени көргөндө кирерге жер таппай калышат. Анткени алардын бул жаатта менчелик терең билимдери жок. Күчтүү музыканттардан коркуп, аларды четтетип турушат. Ошол себептен мен 20 жылдан бери бош жүрөм. Жаш муунга тарбия берүү, сапаттуу адистерди даярдоо жаатында мени колдонушса болот эле. Болгон күчүмдү жумшап, кыргызга кызмат кылмакмын. Мени мамлекет колдоно албай жатат.
Филармониябызга да реформа керек деп ойлойм. Эң биринчи филармониянын саны көп, пайдасыз оркестрлерин жоюп, анын курамындагы сапаттуу музыканттарды иргеп алып, эстрада-симфониялык оркестр ачуу зарыл. Ошондо гана музыканын сапаты жогорулап, ырчылар да иргелмек. Болбосо, азыркы биздин камералык оркестр көчүрмө болуп калган. Кыргыздын Арстанбек, Жеңижок, Карамолдо, Асанкалый, Муса, Атай, Түгөлбөй сыяктуу канчалаган залкарлары жараткан обондорду ойной алышпайт. Алар интернеттен классиканы көчүрүп алып эл алдына чыга беришет. Эки гана оркестрди алып калыш керек. Бири – Жумакматов атындагы чоң симфониялык оркестр, экинчиси – президенттин алдындагы камералык “Манас” оркестри.
Эң башкысы, Улуттук филармонияга музыканы мыкты билген, иш билги музыкалык жетекчи керек деп эсептейм.
АЯН АЛЫП, ЖАҢЫ АСПАП ЖАРАТАТ
Чолпон Сүйүнбаева
star@super.kg