КӨЧӨТ КЫЗДЫН КӨЗ ЖАШЫНА КАЛГАН АҢГИ

Жакында уккан адамдын үрөйүн учурган кылмыш катталды. Кылмышкер 19га эми чыкса да, 4 жолу темир тор артында болуп келиптир. Дагы да “күнөстүү” жерди каалаганбы, 10 жашар кызга кол салып, зордуктаган. Өкүнүчтүүсү – өз өмүрүнө эле эмес, наристенин да өмүрүнө кеткис так калтырган зөөкүрлөр күн өткөн сайын көбөйүп баратканы.

ӨЛТҮРҮП КОЮШУ МҮМКҮН ЭЛЕ
Окуя Аламүдүн районунун Озёрное айылында болгон. Ал күнү 10 жаштагы Айтурган (белгилүү себептерден улам аты-жөнү өзгөртүлдү) мектептен үйүнө бараткан. Балалыгы менен аркасында бирөө аңдып келе жатканын байкабаган өңдүү. Кыздын жалгыз чыкканын көргөн зөөкүр тегеректе эч ким жок экенине көзү жеткенде Айтургандын артынан кол салат. Бир колу менен анын башынан кармап, экинчиси менен оозун жаап, жолдун боюндагы көлмөнүн жээгине желкесине көтөрүп алып жөнөйт. Бир түп дарактын далдаасына жашырынып, арыктын жанындагы бетондордун арасына жаткырып, ит кумарын кандыруу үчүн чырактай кызды зордуктайт.
Кыздын кыйкырганына, чырылдап ыйлаганына карабай жулмалаган айбан Айтурганды зордуктагандан кийин из жашырыш үчүн өлтүрүп коюшу да толук мүмкүн болчу. Себеби өмүрүнүн көпчүлүгүн темир тор артында өткөргөн Бекжан бул иштин аягы кандай болорун беш колундай билген. Баарыбыз билгендей, мындай кылмышы үчүн ал жакта аны катуу жаза күтөт. Айтурганды тирүү калтырып койсо, ал өзүн зордуктаган адамдын кебете-кешпирин айтып берип коёт деп күбө калтырбашы ыктымал эле. Бирок наристенин ичер суусу бар экен, бактыга жараша, бул жерден өтүп бараткан эки жигит окуяга күбө болуп калышкан.

“КИЧИНЕКЕЙ КЫЗ ЫЙЛАП ЖАТЫПТЫР”
Окуяга күбө болгон жигиттерди таап, маектештик. Кылмышкерди кармоодо жардам көрсөтүшүп, жарандык парзын аткарган жигиттер төмөнкүлөрдү айтып беришти.
Виталий, кылмышка күбө балдардын бири:
– Сергей деген досум экөөбүз балык кармаганы баратканбыз. Анан көлмөнүн жээгинен бир баланы көрүп, тигинин кимдир бирөөнү зордуктап жатканын байкадык. Алгач аны чоң кыз болсо керек деп ойлогонбуз. Күпкүндүз айылдын ортосунда болуп жаткан окуя шектүү көрүндү. Эмне болуп жатканын көрүп келели деп жанына барсак, тиги жигит бизди көрүп тура калды да, шаша-буша шымын көтөрүп качып жөнөдү. Кичинекей жылаңач кыз жерде ыйлап жатыптыр. Дароо милицияга телефон чалдык.
Качып кетсе, ушуну менен табылбай калышы мүмкүн эле. Анан кармап калалы деп артынан кууп жөнөдүк. 2 чакырымдай артынан кубалап барып, көлмөгө келгенде эки жагынан тосуп, эч жакка кача алгыс кылып тороп калдык. Ал капканга түшкөн карышкырдай болуп, жанынан бычак алып чыгып тап берди. Ошол убакта милиция кызматкерлери да келип калышты. Бул шумдуктуу кылмышты кылган адамды биргелешип колго түшүрдүк. Ошентип, төбө чачты тик тургузган окуяга күбө болдук. Кайра окуя болгон жерге келсек, эч ким жок экен, кыз кетип калыптыр. Изи менен барып, 50 метрдей жердеги үйгө киргенин көрдүк. Ал жерде кыздын чоң энеси жашайт экен. Көрсө, ал ошол күнү чоң энесиникине баратыптыр.

“БУЛ БИРИНЧИСИ ЭМЕС”
Окуянын кандай болгону тууралуу Аламүдүн РИИБинин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкери Жүрсүнбек Барыктабасов буларга токтолду:
– 3-декабрда саат 12лерде Озёрное айылында зордуктоо болгону жөнүндө маалымат түштү. Кесиптешим Ислам Абдылдаев экөөбүз ошол замат окуя болгон жерге жетип бардык. Кылмышкер бизди көргөндө баары бир кармаларын түшүндү окшойт, бычагын сууга ыргытып жиберди. Аны ошол жерден кармап, колуна кишен салдык. Кылмышкердин өздүгүн аныктоо үчүн үйүнөн документтерин алганы бардык. Ал үйүндөгүлөрүн да жадатып бүтүптүр, эмне кылганын уккан апасы баласын жаакка чаап жиберди. Суракка алып келген убактарда да кыздын туугандарынан кайтарып жүрдүк. Кыздын атасы “түрмөгө түшсөм мейли, бирок бул аңгини өлтүрөм!” деп күнүгө бычак көтөрүп келип жүрдү.
Айыпталуучунун өздүгү аныкталып, 1992-жылы Баткен облусунда туулган Жолбай уулу Бекжан экендиги белгилүү болду. Ал мурун да 4 жолу соттолгон (жашы жете элек баланы зордуктоо, мал уурдоо, ден соолукка атайлап залал келтирүү жана бейбаштык беренелери боюнча). 30-ноябрда акыркы мөөнөтүн өтөп келген экен. Түрмөдөн чыккандан кийин үч күндөн соң кайра эле кылмышка барып отурат.
Мурас-Ордо жаңы конушунда ата-энесиникинде жашаган Бекжандын Озёрное айылында эмне кылып жүргөнүн из кубарлар аныкташкан. Сурак учурунда ал акыркы жолу түрмөгө кесилгенде аны карматкан адамды коркутуп коюу үчүн Рассвет айылына баратканын айткан. Жанында бычагы да бар Бекжан жөн эле коркутканы барбаса керек. Жолдо баратып Озёрное айылынын мектебинин жанына келгенде аңгилик напсисин тыя албай калганын да мойнуна алды.
Кылмышкердин үстүнөн Кылмыш-жаза кодексинин 129-беренесинин 3-бөлүмүнүн 3-пункту боюнча (жаш кызды зордуктоо) кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат. Мыйзамга ылайык, ал 15 жылдан 20 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

ОШОНДОЙ ЭЛЕ...
Кийинки учурларда жашы жете электерди зордуктоо кылмыштары көбөйүп баратат. Акыркы күндөрү эле мындай кылмыштардын бир нечесинин бети ачылган. Ошолордон үзүндү келтирсек:
23-ноябрда Чүй облусунун тургуну милицияга кайрылып, 8 жашар өгөй кызын бирөөлөр зордуктап кеткендиги тууралуу арыз жазган. Анда күндүзгү саат 15:00дө 1-класста окуган кызын белгисиз бирөө алдап бир үйгө алып кирип зордуктаганы айтылган. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 129-беренесинин 3-бөлүмүнүн 3-пункту боюнча кылмыш иши козголгон. Иликтөөнүн негизинде кылмышка шектүүнүн өздүгү аныкталып, ал 40 жаштагы коңшу өлкөнүн жараны, зордукталган кыздын алысыраак тууганы экени да дайын болду. Өз өлкөсүндө уурулук жана баңгизаты менен соттолуп чыккан экен. Кылмыш болгондон 5 күндөн кийин “наристени зордуктаган” деп шектелген зөөкүр Бишкек шаарындагы тааныштарынын үйүндө жашынып жаткан жеринен кармалган. Азыркы учурда бул зөөкүр СИЗОго киргизилип, тергөө улантылууда.
10-декабрда Аламүдүн районунун тургуну өз күйөөсүнүн үстүнөн арыз жазып, укук коргоо органдарына кайрылган. Анын айтымында, 35 жаштагы Т.Э. аттуу жолдошу үйдө эч ким жокто өз кыздарына порнографиялык тасмаларды көрсөтүп, жыныстык катнашта болууга аракеттенген. Арыз ээси кайрымдуулук тармагында жетекчилик кызматта иштеп, үйдө көп убакта болчу эмес. Үйдө калган кыздары акыркы күндөрү “биз үйдө атабыз менен жалгыз калбайбыз, сиз менен баралычы?!” деп суранып калышкан.
Үйдө эмне болуп жатканын билген эне милиция кызматкерлерине кайрылган. Сурак учурунда Т.Э. порнографиялык тасмаларды көрсөтүп, өзүнүн жыныстык мүчөсүн кыздарынын оозуна салып кумар алып жүргөнүн мойнуна алган. Бул үй-бүлөнүн 6 баласы: 2 эркек, 4 кызы болгон. Учурда бул ата сөрөй кармалып, тергөөдө сурак берүүдө.

Бул коомдо болуп жаткан окуялардын бирин-экин гана мисалы. Чындыгында, мындай фактылар көп. Берилген көрсөткүч эмнеден кабар берет? "Бизде мындай кылмыштарга берилүүчү жазалар абдан эле жеңил болуп жатат, ошондуктан наристелерди зордуктагандар барган сайын көбөйүп жатабы?" деген ой туулат. Запкы көргөн наристелердин кийинки тагдыры, келечеги кандай болот?

Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (67)
adel.
2011-12-29 04:18:07
chyn ele atsynyn oz kyzdaryna jazagan nerse ayavai juroktu ooruttu en ele.kak tak mojno.ozunun janynan,kanynan jaralgan balany kantip myndai nersege bara aldy.munun baary araktan sebep.libo oni psihologicheski bolnye lyudi.myndai bolup ulana berse jakynd bizdi bul duino chyn ele gotoralvai kalat ko(((((
0
egemberdievagulbara
2011-12-29 04:56:42
олтуруш керек зордуктагандарды Кудайым озу сактасын
0
Dastanbek1990
2011-12-29 06:21:19
мындай зордуктаган адамдардын ошонусун кесип салыш керек
0
snejka
2011-12-29 11:28:26
бекер олум жазасын алып салды.мен мындай адамды площадка алып чыгып атып салмакмын.турмого камаганда толк жок,кайра чыгатта.
0
omor.86
2011-12-29 17:34:54
только смерть!!!!!и смерть!!!!смерть!!!закон и порядок!!!!!!!!!!!
0
Aicho
2011-12-29 17:48:44
мындайларды кыйнап олтуруш керек!
0
OFK
2011-12-29 20:37:13
Жашабагыр акмак.ненормальный.гелесоолорду атыш керек. Кайсы бети менен
ата болду зордукталган кыздарга
0
Baizakk11
2011-12-29 23:25:35
Салам мен дагы кошулам баарынардын ой пикиринерге олум жазасын киргизуу деген бирок мундай акмактар кыргысызстанда кун санап кобойуп баратат жакшысы мусулман болгонубуздан кийин ууруларды камабаш керек алардын колун кесуу керек ал еми болсо зордуктагандарды таш баранга алып олтуруу керек бул менин жеке оюм ушундайда тыйылса керек деп ойлойм Кудайым ар бирибизге ыйман инсап хидайат бере кор адашкандарды туура жолуна сала кор Аллах сен еч кимге муктаж емесин сага мактоолор болсун...
0
Baizakk11
2011-12-29 23:25:35
Салам мен дагы кошулам баарынардын ой пикиринерге олум жазасын киргизуу деген бирок мундай акмактар кыргысызстанда кун санап кобойуп баратат жакшысы мусулман болгонубуздан кийин ууруларды камабаш керек алардын колун кесуу керек ал еми болсо зордуктагандарды таш баранга алып олтуруу керек бул менин жеке оюм ушундайда тыйылса керек деп ойлойм Кудайым ар бирибизге ыйман инсап хидайат бере кор адашкандарды туура жолуна сала кор Аллах сен еч кимге муктаж емесин сага мактоолор болсун...
0
wrestling
2011-12-30 15:19:13
bul tipok kaira 4iksa kaira ele bawtait oorusun pojiznenno daite emu hvatit . tyryndagy kara4i . jeim kariwkirmin men deit .
0
Asem_kyz
2011-12-30 17:17:05
Мындай адамдарды айбандарчалык да санабаш керек.
0
mek-81kg
2012-01-09 10:48:53
мындайлардын жан жерине атып салыш керек
0
aiur
2012-01-19 13:45:53
Андай зоокурлорду асып салыш керек!
0
ADILET.KG
2012-02-21 12:50:32
Жылкылардай бычып салыш керек!
0
raia
2012-12-22 19:25:33
Коз коруно элдин астында атыш керек.Олум канкорго.Тируу журсо дагы эле айбанчылык кыла берет.Эл козуно атылса башкасына да таасир берет.Наристелерди кыздарды дегеле аялды зордуктаганга олум жазасын киргизиш керек.
0
№ 477, 23-29-декабрь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан