"Тамашоу" долбоору улам кулач жайып, Кыргызстанды каптоодо. Дегенибиз, жакында эле ордолуу Ош шаарында "Тамашоунун" филиалын ачып, эки күндүк концерт коюп келишти. Андан сырткары алыскы Кызыл-Кыяга да концерт берүүгө үлгүрүшүптүр. Эмне демекпиз, “тамашоучулар” кыргыз элинин өмүрүн узартып жүрө беришсин. Элибизде “күлкү – ден соолуктун мүлкү” деп айтылат эмеспи.