Кыргызстанда мекенчил оюнчук чыгарам деп чуркап жүргөн режиссёр Рысбек Жабиров максатына жетти. Шанхай шаарынан 20 000 даана оюнчук чыгарыш үчүн кесиптеш, жоро-жолдоштору 40 000 доллар чогултуп беришкен, албетте, карызга. Ал гана эмес, үстүндөгү үйүн да күрөөгө коюп, учурда карызга батып турганын айтат. Бирок ишинин натыйжасы кубанарлык.
Оюнчуктардын бир түрү кадимки Кыргызстандын гимнин, балакайларга арналган ырларды ырдаса, экинчи түрү куран окуйт.