2011-жылдын «Супер ырчы мырза» наамынын ээси Омар жана «Супер ырчы айым» наамына талапкер болгон Сайкал Аяз атага ишенишчү экен. Жадакалса таарынган күндөрү да болуптур...
Омар: «АЯЗ АТАГА ТААРЫНГАМ»
– Кичинекей кезде бала бакчага барганда Аяз атаны кадимкидей күтчүбүз. Баарыбыз ыр жаттап, кол кармашып алып балатыны айланып ырдап-бийлейт элек. Азыркыга чейин эсимден кетпейт, бир жолу Аяз атанын өз колунан белек алам деп ыр жаттап, аябай даярдангам. Анда Аяз ата деген бизге кызык болчу да. Телевизордон көрүп жүрүп, чын эле белектерин өзү алып келип берет деп ишенчүмүн.
Ошентип, Жаңы жылдык майрамыбыз башталып, балдар чекесинен жаттаган ырларын айтып киришти. Мен так ошол маалда жаттаган ырымды унутуп калсам болобу! Оюма келгенди кылып жибермей сапатым бар. Бир маалда ырды айтпайм деп туруп алдым. Башка балдарга жакшы ыр айтып беришкендери үчүн четинен келип чоң машина, ар кандай оюнчуктарды берип жатат. Мага болсо кичинекей момпосуйду гана карматып койду. Ошондо Аяз атага аябай таарынып, ыза болгом.
Кийин гана байкем айтып жатпайбы, “Аяз ата деген жок. Ал жөн гана жомок” деп. Көрсө, чын эле Аяз ата болуп бизге белек бергендер өзүбүздүн тарбиячыларыбыз экен да. Азыр ойлоп көрсөм, бир жагынан бала бойдон калган деле жакшы экен. Жомокторго ишенип, эч кандай санаа жок жашайсың.
Эми болсо сахна чөйрөсүндө жашоом такыр өзгөрө түштү. Эл эс алганда биз иштейбиз, ал эми эл иштеп жатканда биз эс алабыз дегендей... Чынын айтсам, 3-4 жыл болуп калды, ата-энем, эжем менен Жаңы жылды бирге тосо элекмин. Мен дагы эл катары апамдарга оливьеге картошка туурашып, жардамдашкым келет. Тилекке каршы, шарт туура келбей жатат. Бирок кандай болбосун, сөзсүз түрдө ата-энеме, жакындарыма телефон чалып куттуктоону унутпайм...
Сайкал: «ТИЛЕКТЕРИМ ОРУНДАЛЧУ»
– Аяз атаны мен кинодо, мультфильмде көргөндөгүдөй элестетип, аябай ишенчүмүн. Сегиз жашымда болсо керек, бир сонун туфли жагып калып, ошону алсам экен деп Аяз атага кат жазгам. Ошондон кийин эле апам так мен каалаган туфлини сатып берип жатпайбы. Ошондо чынында эле Аяз ата тилектерди орундатат экен деп ишенип калгам.
Ошентип, кийинки каттарымды апама карматчу болдум, “апа, катымды Аяз атага берип коюңузчу” деп. 3-класста болсо керек, бир кишинин Аяз атанын сакалын тагынып даярданып жатканын көрүп ишенбей калгам. Иним сурап калса да калп десем, ал байкушум ыйлактаган. Анан кайра “ооба, Аяз ата бар, ал биздин тилектерибизди орундатат” деп анын көңүлүн алып койгом. Өзүм болсо Аяз ата болуп, ага каалаган белектерин сатып берип коём.
Ар жылы Жаңы жылды “Кыз-Бурак” үйдө тособуз. Сөзсүз түрдө баарыбыз стол үстүндө жакшы тилектерибизди айтып, бири-бирибизге камдап койгон белектерибизди берип куттуктайбыз. Жаңы жылды бизде үй-бүлөлүк майрам дейт эмеспи. Анын сыңарындай, жакшы майрамды жакын адамдарың менен тосконго не жетсин?!
Бир жолу Жаңы жыл тоскондун эртеси кызык бир окуя болгон. Аны азыркыга чейин эстеп күлүп калам. Майрам бүтүп, ар ким өз жумушу менен алек болуп жүргөн. Бир кызыбыз тандырга нан жапмакчы болот. Кадимкидей от жага баштаганда эле “тарс-турс” деген үндөр чыгып, тандырдын ичинен жардыргычтар чекесинен жарыла баштаптыр. Тандырдын оозу адамга карап турат эмеспи, тиги кыз качып жашынганга араң үлгүргөн. Көрсө, ал жакка кыздар аттырабыз деп жардыргычтарды салып коюп унутуп калышкан экен...
Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg