Сакадай бою сары алтын Ильяз Абдыразаков быйыл гезитибиздин жыйынтыгы боюнча “Сахна адамы” деген наамга татыктуу болуп, маңдайы жарыла сүйүнүп жүргөн кези.
– Кандайсың, Ильяз, сыйлыгың кут болсун!
– Баары сонун, рахмат, бул сыйлык мен үчүн күтүүсүз болду. Быйыл «Супердин» концертине жөн гана конок катары келип ырдап кетем го деп ойлогом. Анын үстүнө сайтта жарыяланган талапкерлердин арасында жок болгондон кийин бейкапар эле жүргөм. Анан алып баруучулар сахнага чакырганда ырдайм деп турсам, сыйлык берилип жатса эч нерсеге түшүнбөй эле алып баруучулардын жанында туруп калыптырмын. Чынында, ушундай сыйлыктар чыгармачылыгыңа чо-оң эле дем-күч берет. Учурдан пайдаланып “Супер-Инфо” гезитине терең ыраазычылыгымды билдирем.
– Ушуга чейинки чыгармачылык жолуңда «талантымды туура баалабай койду» деп таарынган учурларың болду беле?
– Эгерде жеңишке жетишем деген ниет менен турсаң, анан ал жеңиш сенден тайып кетсе, албетте, жинденесиң. Бирок ал убактылуу гана нерсе. Мына кечээ жакында эле “Алтын үн” деген сынакка катышып келдим. Азыр ошол сынактын жыйынтыгына нааразы болуп отурган чагым. Ал жакта чоң-чоң калыстар болот дегенинен абдан катуу эле даярдангандай болгом. Бирок жыйынтыгы мен күткөндөй болбой калды. Чынын айтканда, менден кыйла эле профессионал ырчылар жүрүштү. Мисалы, Айжамал Кабыловага окшогон сахнанын бакыйган жылдыздары бар болчу. Бирок жеңишти Курал Чокоев деген жигитке берип койгонун мен туура эмес эле көрдүм. Ал жигит аябай деле жыргатып ырдаган жок. Жиним келип турсам, Бек байке айтып калды “туура эле болду окшойт” деп. Ошол сөздү уккандан кийин унчукпай кетип калдым, талашып-тартышып отурбай.
– Демек, сенин оюң боюнча, сынак калыс болбой калды...
– Ии, кичине калыс болбой калды. Бир аз ичимден таарынып калдым. Чынын айтканда, ал жерде Сапар Эркебаев деле жакшы ырдаган. Ошо, продюсери барлар жеңишти илип кетишти. Анан “оо” деп эле калып калдым.
– «Продюсерим жок» деп кайра кейий баштадың, Баяке Чааров менен иштешип жүрдүң эле...
– Ал байке менен көптөн бери көрүшө элекпиз. Башында жакшы эле продюсерлик милдетти аткарып жүргөн. Кийин таарынышып кеткен соң алыстап кетти. Бул жылы берген акыркы концертибизден кийин таптакыр эле көрүшпөй калдык.
– «Иштешпей калдык» деген сөздүн четин чыгарып жатасың го...
– Ошентсем да болот. Негизи, мен үйлөнгөнгө чейин эле жакшы иштеше албай жатканбыз. Анан үйлөнгөндөн кийин мамилебиз дагы алыстай түштү. Андан кийин деле досторум «концертти Баякеге эле башкарталы, жакшы киши, андай-мындай кемчиликтери болгону менен» деп калышты. Мейли деп барганбыз. Бирок сөздөрүн аткарган жок. Бир жолу мени Орусияга чакырып калышты. Мен бош болбогондуктан, алгач баш тартып жаткам. Бирок болбой кайра-кайра байланышып жатышты. Анан жанымда Баяке болуп калганынан «сүйлөшүп, түшүндүрүп коюңуз» деп берип койгом. Анан «бара албайт» деп айттыңызбы?» десем. «Болду, болду» деп трубканы койгон. Көрсө, «макул, барат» деп акчасын да алдын ала алып коюптур. Ошентип, мен Орусиядагы кыргыз туугандарга уят болуп калган жайым бар. Ошондон кийин эле Баякени таппай калдык. Үйүнө да бардык, жок.
– Баякенин көз боочулук таланты бар эле, көздөн кайым болуп кеткен го...
– Менин көп адамдарга уят болуп калганым жаман болду.
– Анан эми продюсер караштырып жатасыңбы?
– Анысын көрө жатарбыз.
– Негизи, концерттенби, тойдонбу, түшкөн каражатты ким капчыкка салат?
– Бул жагынан ата-энебизди кичине аралаштырабыз. Керектүү нерселерди алганга алар пландарды түзүшөт.
– Күзүндө үйүңө конокко барганда «жер алганбыз, үй салганы жатабыз» деп калдың эле. Курулуш иштери бүтүп калдыбы?
– Үй салалы деп алган жерибизге да Баяке аралашып кетип, күйүп кетпедиби. Документтер туура эмес болуп калды.
– Ушундай иштериңди чечишип алуу үчүн байкеңди жакшылап издеген жоксуңбу?
– Ал жакшы эле адам. Достору менен сүйлөшүп турам. Бирок өзү жок. Анын үстүнө териштирип, чукушуп отурууну деле каалаган жокмун.
– Учурда “Жаным, ай” деген ырың казак, армян, өзбек, түрк, кытай тилдерине которулуп, хит болуп жатат. Ал ырың плагиат эмес беле?
– “Жаным, айды” эч кимден уурдабай эле өзүм жазгам. Негизи, мен ушул ырымдын хит болуп кетерине көзүм жеткен эмес. Анткени жөн эле отуруп жазып койгом. Анан биринчиден болуп Кабыл Бөрүбаев «сонун болуптур» деп мактап калды. Той-топурга барып калсам эле ошол ырды сурап туруп алышчу. Казактарга да жеткен экен, алар сураганынан берип койгом.
– Сөзүңө аралжы, казактарга саттыңбы?
– Жок, бекер эле бергем. Бирок бир ырымды сатчы деп туруп алышты. Анан мен да көңүлүн кыйбай «өз каалаганыңды бер» десем, казак туугандар 1000 долларга алышты.
– Ии, анан сөзүңдү улай бер, хит болгон ырың тууралуу...
– Кийин ошол ырым Өзбекстанда хит болуп жатканын угуп калдык. Тажикстанга тойго барсак, ал жакта дагы жаңырып жатты. Кечээ жакында армяндар которушуптур. Бир гана казактар «Ильяздын ыры» деп айтып жатышат, калгандарын билбейм, авторду атап жатышабы-жокпу.
– Эми автордук укугуңду талап кыласыңбы?
– Жок, хит болгонуна эле ыраазымын. Кыргыз ыры, кыргыз обону башка элдерде уккулуктуу болгонуна чын жүрөктөн кубанып жатам.
– «Энрике Иглесиас менин ырларымды көчүрүп алыптыр» деп тамашалап жүрдүң эле...
– Ооба, ошентип тамашалап калам. Биздин обондордо окшоштуктар бар. Бизде да мыкты обондор, ырлар жаралып жатат. Анткени орустардыкын уксак деле биздикиндей эле аранжировка.
– Чыгармачылыгың көктөй берсин, ал эми үй-бүлөдө эмне жаңылык, Медина «анделек байлай» элекпи?
– Жакында эле Медина жакшы кабар угузуп, мен өтө бактылуу болуп жүргөн кезим. Буюрса, жакында ата болом! Мединанын курсагы билине баштады. Күнүгө үйгө банан көтөрүп барып жатам. Анан аял киши мындай учурда өзгөрүлүп кетет экен. Медина эрке болуп кетти. Кээде бир жакка шашып баратсам, кетирбей кармап калып айланы кетирет. Ушинткен жагат окшойт ага.
– Сонун жаңылыгың менен маегибиздин аягына чыгалы. Медина аман-эсен көз жарып алсын.
Бахияна Сатылганова
star@super.kg